AVN







ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
 Apr 25, 2023  338

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин жогорку математика жана математиканы окутуунун технологиялары кафедрасынын окутуучулары тарабынан иш берүүчүлөр менен жолугушуу иш-чарасы өткөрүлдү.

550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын математика профилинин М-1-20, М-1-21 тайпаларынын студенттери окуу процессинин графигине ылайык, 2022-2023-окуу жылында кесиптик-базалык жана адаптациялык практикаларды өтөп келишкендиктен, иш-чара студенттерде практика өтөө мезгилинде кездешкен көйгөйлөргө, алардын болочок адис катары кандай көндүмдөрдү калыптандырышы керектигине, бүгүнкү күндө мектептик билим берүүдө мугалимдин кесиптик ишмердүүлүгүнө таандык иш-аракеттерге багытталды.

Жолугушууга катышкан иш берүүчүлөр: Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, М.Эгембердиев атындагы “Илим” билим берүү комплексинин директору Токтосунов Анарбек Адашевич, №4 гимназия мектебинин директору Мамырасулова Арал, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси Эргешов Шаирбек, №75 кесиптик лицейдин окуу иштери боюнча директордун орун басары Төрөбаева Залина, Сузак районундагы Г.Бакиева атындагы №24 мектептин директору Эрмеков Асан, №11 М.Орозалиева атындагы мектептин директору Азимбаев Кумарбек, №75 Улугбек атындагы мектептин директору Тохтасинов Абдукодир.

Иш-берүүчүлөр студенттерге: мектеп чын жүрөгүнөн жоопкерчиликтүү, балдарды сүйүү сезимине ээ, өз кесибин бийик көргөн, баалай билген, жакшы көргөн математик мугалим катары изденген, өздөрүнүн үстүндө иштеген, аракетчил мугалимдерди күтө тургандыгы сыяктуу баалуу сунуштарын беришти.

Жолугушууда маанилүү жана замандын талабына ылайык адистердин даярдалып чыгышына байланыштуу суроолор-жооптор болду, кызуу талкуу болуп, иш-чара максатына жетти.

  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ