AVN

ПРОФЕССОРДУК- ОКУТУУЧУЛУК КУРАМ ПРОФОРИЕНТАЦИЯ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮДӨ

ПРОФЕССОРДУК- ОКУТУУЧУЛУК КУРАМ ПРОФОРИЕНТАЦИЯ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮДӨ
 Apr 25, 2023  287

Табигый- техникалык факультетинин электроэнергетика жана механика кафедрасынын профессордук- окутуучулук курамы профориентация иштерин жүргүзүү максатында Базар- Коргон районундагы Ж.Боконбаев атындагы гимназия- жатак мекемесине, Абдыраимов айылындагы N11 М.Алыкулов мектеп- гимназия мекемеси, N12 К. Исмаилов жалпы билим берүү мектеби, Бешик- Жон айыл өкмөтүнүн Жон айылындагы К. Сооронбаев жалпы орто билим берүү мектеби, Карача айылындагы  N8 Сулайманкулов Жоробек мектеби жана N6 Б.Осмонов атындагы мектеп-гимназия мекмелерине барып 11-класстын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуп келишти.

Жолугушууда электроэнергетика жана механика кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент К.А. Кокумбаева 640200 Электроэнергетика жана электротехника багыты, андагы электр менен камсыздоо, электроэнергетикалык системалар жана түйүндөр , Өзгөчө кырдаалдар профилдери жана 630400 Нефтигаз иштери багыты боюнча презентация жасады. Ал эми кафедранын профессору А.Аширалиев болсо азыркы учурдагы энергетиканын көйгөйлөрү жөнүндө презентация, т.и.к. доцент Шамиев Ж.Б. Өзгөчө кырдаалдар адистиги боюнча презентацияларды жасап бүтүрүүчүлөрдүн биздин адистиктерге болгон кызыгуусун арттырды. Андан соң окуучулардын берген суроолоруна кафедранын улук окутуучулары Турдукулова А.А., Султаналиева К.К. жана окутуучулар Алиев М.К., Кочкорова М.Б.лар жооп беришип, кесипке багыттоо үгүт иштерин жүргүзүштү.

Жалпысынан жолугушуу жогорку деңгээлде өтүп, өз максатына жетти десек болот.

  • ПРОФЕССОРДУК- ОКУТУУЧУЛУК КУРАМ ПРОФОРИЕНТАЦИЯ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮДӨ