ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДА СТУДЕНТТИК АКЫЙКАТЧЫ АППАРАТЫНЫН ОРДУ
Apr 24, 2023 357
ЖАМУнун студенттери акыйкатчы аппаратынын 15 жылдык мааракесине карата уюштурулган ЖОЖдор аралык “Брейн strong” интеллектуалдык оюнунунда 1-орунду ээлешти.
Ош мамлекеттик университетинде студенттик акыйкатчы аппаратынын түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына карата уюштурулган “Жогорку окуу жайларда студенттик акыйкатчы аппаратынын орду” аталыштагы конференция болуп өттү. Аталган иш-чарага Кыргызстандагы ЖОЖдордун студенттик уюмдар менен иштеген тиешелүү жетекчилер, студенттик уюмдардын жетекчилери жана Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун активдүү студенттеринен куралган 14 делегат катышышты.
Аталган иш-чаранын алкагында ЖОЖдор аралык “Брейн strong” интеллектуалдык оюна ЖАМУнун “Экстрим” курама командасы катышышты. Интеллектуалдык оюндун максаты – студенттер арасында достукту, биримдикти жана интеллектуалдык ой жүгүртүүнү жогорулатуу болуп саналат. Жыйынтыгында, 1-орунду Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун “Экстрим” курама командасы жеңип алып, ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппаратынын кубогу менен сыйланышты.