AVN







Н. ИСАНОВДУН 80 ЖЫЛДЫГЫ

Н. ИСАНОВДУН 80 ЖЫЛДЫГЫ
 Apr 24, 2023  350

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинин, табигый-илимий билим берүү кафедрасынынын Х-1-19 тайпасында Кыргызстандын тунгуч өкмөт башчысы Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган тарбиялык ачык сабак өтүлдү.

Куратор Болотбеков Азирет тарбиялык саатта студенттерге Насирдин Исановдун өмүр баяны тууралуу кеңири маалымат берди жана студенттер кызыгышкан суроолоруна жооп алышты. Мындан сырткары студенттер тарабынан Н. Исановдун өмүр жолу чагылдырылган доклад окулуп, слайд көрсөтүлдү. Студенттер Н. Исновдун калимине таандык болгон ырларды көркөм окушту жана патириоттук чыгарма аткарышты.

Тарбиялык ачык сабакка кафедранын профессордук-окутуучулук курам катышып, сабак боюнча өз ойлорун билдирип жакшы маалыматтарга ээ болгондугун баса белгилешти.

  • Н. ИСАНОВДУН 80 ЖЫЛДЫГЫ
  • Н. ИСАНОВДУН 80 ЖЫЛДЫГЫ
  • Н. ИСАНОВДУН 80 ЖЫЛДЫГЫ