AVN







МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТОО ОТЧЁТУ

МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТОО  ОТЧЁТУ
 Apr 24, 2023  365

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин каржы (тармактары боюнча) адистигинин Фк-2-20,  экономика жана бухгалтердик эсеп  (тармактары боюнча) адистигинин БЭк-2-20  жана салык салуу адистигинин ССк-2-20 тайпаларында мамлекеттик практиканын жыйынтыктоо  отчётун кабыл алуу конференциясы болуп өттү.

Конференциянын башталуу алдында ЖАМУнун Экономика-юридикалык факультетинин профессордук окутуучулар жамааты тарабынан профориентациялык иштер жүргүзүлүп, студенттерге каалаган кесиптери боюнча сертификаттар берилди.

Жыйынтыктоочу  конференцияга  ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн жетекчиси Н.С. Жолдошалиева, Экономикалык-юридикалык колледжинин директору А.Б. Карбекова, Экономикалык-юридикалык колледжинин өндүрүштүк практика боюнча директордун орун басары Н. Айылчиева, Экономика башчысы З. Ахмедова, практика жетекчилери Э. Кадырова, А. Калмурзаева, А. Кочкорова, Г. Бекиева,  Г. Чекиргозова, Э. Калымбетова катышты.

Мында студенттер Жалал-Абад шаарындагы,Сузак районундагы  каржы уюмдарына  бөлүнүшкөн. Студенттер  мамлекеттик практика учурунда  жетишкен ийгиликтери, жетишкендиктери, илимий -изилдөөдөгү темалары боюнча маалыматтарды берип, презентацияларды жасашты. Ар бир практика жетекчилери да активдүү болушуп,студенттердин иш-аракеттери боюнча SWOT анализ жасашты.

Студенттердин мамлекеттик практикасынын отчёттору мамлекеттик практиканын ЖОБОсунун баалоо критерийлеринин негизинде бааланды. Мамлекеттик практиканы өтөө учурунда окуу илимий изилдөө иштер менен алек болгон студенттер “5” деген бааларга татыктуу болушту.

Конференция учурунда студенттер мамлекеттик практика учурунда жетекчилер тарабынан өздөрүнө керектүү болгон баардык методикалык жардамдарды байма- бай алып тургандарын жана теориялан алган билимдерин практика менен айкалыштыра алгандыктарын билдиришти.

Конференцияны жыйынтыктоо учурунда Н. С. Жолдошалиева сөз сүйлөп студенттерге ийгилик каалап, билимин жогорулатуу үчүн кайрадан өзүбүздүн окуу жайыбызды тандап алууга үндөдү, себеби ЖАМУ дүйнөлүк алдыңкы окуу жайлардын катарына кирип жаткандыгын, артыкчылыктарын белгилеп кетти.

  • МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТОО  ОТЧЁТУ
  • МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТОО  ОТЧЁТУ
  • МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТОО  ОТЧЁТУ
  • МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТОО  ОТЧЁТУ
  • МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТОО  ОТЧЁТУ
  • МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТОО  ОТЧЁТУ
  • МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТОО  ОТЧЁТУ