AVN







КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ
 Apr 24, 2023  263

Педагогика адистиги боюнча даярдалып жаткан бакалавр даражасы боюнча бүтүрүүчүлөр 7 жумалык практикага Жалал-Абад шаарынын жана облусунун мектептеринде практикада болуп, аларды жыйынтыктоочу конференциясы  педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын практика боюнча жооптуу окутуучу Н.Ш.Мокуева тарабынан уюштурулду. Конференцияга П-1-19 группасынын студенттери, практиканы жетектеген методисттер С.С.Сакиева, К.М.Ураимов, М.Ж.Найманбаев, Р.С.Нусупова,А.Э.Торобекова,С.Ч.Осмоналиева,  А.К.Шишкараева, Д.А.Аданова, Раимкул кызы  Айжамал катышты. Практиканын жүрүшүн анализдөөдө мындагы өзгөлөнгөн практиканттардын иштери талкууга алынып, алардын ой-пикирлери угулуп, жыйынтыкталды.

1.Адабий окуу сабагында окуучунун чыгармачылыгын өнүктүрүүдө колдонулуучу технологиялар аталышындагы баяндама угулду. Баяндамачы П-1-19 тайпасынын студенти Абдымосунова Гүлдана. Практика өтүлүүчү жай Жалал-Абад шаарынын С.Давлетов атындагы мектеп-лицейи. Методисти  С.С.Сакиева. Практикант окуучунун чыгармачылыгын өнүктүрүудө дилбаян жаздыруу аркылуу калыптандырууга боло тургандыгына токтолуп, аларды жүргүзүүнүн жолдоруна токтолду. Мисалы, биринчи жана экинчи класстардын деңгээлинде балдардын жаш өзгөчөлүгүн эске алуу менен  бир теманы тандап, ага байланыштуу 4-5 сүйлөм түзүп,  ал сүйлөмдөрдүн ар бир сөзүн принтерден  чыгарып, бир суйлөмдөн бирден же экиден сөзүн катып койсок, башкача айтканда, бир сүйлөмдөн бир, же эки сөздүн ордун бош калтырып, доскага магниттер менен жабыштырып, боштуктардын ордуна керектүү дал келе турган сөздөр менен балдар таап жазышат. Дилбаян жазып эле тим болбостон ошол темага ылайыктуу боёчу сүрөттөрдөн кичинекей кылып чыгарып, дил баян жазып жаткан дептеринин бетине бир чекесине жабыштырып, аны боёттуруп койсо да болот. Бул ыкмадан сырткары балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүүдө  интерактивдүү методдор, тексттин моделин түзүү менен да иш жүргүзүү ынгайлуу экендигин баса белгиледи. Практиканттын  практика учурунда жасаган жумуштары университеттин сайтына киргизилген.

2.Жалал-Абад шаарындагы Ж.Болотов атындагы №21 орто мектебинде жүргүзүлгөн  П-1-19 тайпасынын студенттери Камбарали кызы Айжан жана  Ирисова Нуризанын математика сабагында окуучунун логикалык ойлоосун өнүктүрүүчү көнүгүүлөрдүн формалары көрсөтүлдү.Методисти Д.А.Аданова. Бул иш чара “Окуу, керемет” долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер апробацияланган. Практиканттар  «100 ичиндеги сандарды кошуу жана кемитүүнүн» таблицасын жасаган көрсөтмө куралынын  жардамында колдонуу боюнча   кенен түшүндүрүп берди, ал эми Ирисова Нуриза «1ден 15ке чейинки сандарды кошуу, кемитүү  жана аларды салыштыруу» деген темада балдарга манжалардын жана сызгычтын жардамында кошуу кемитүүнүн жолдорун көрсөтмө куралда кеңири чагылдырып бере алган жана бул көрсөтмө куралдын жардамында  бир канча темаларда түшүндүрүп берүүгө боло тургандыгын далилдеди. Студенттердин жасаган жумуштары практикант-студенттер тарабынан кызыгууну туудурду. Суроо-жооптор аркылуу бышыкталды. Практиканттар сандарды кошуунун жана көбөйтүүнүн көрсөтмөлүүгүн анализдешти. Балдардын бул таблицаны өздөштүрүүсү анализденди. Практиканттар таблица менен иштөөнун жолдорун калган студенттер менен биргеликте иштеп чыгып, көрсөтүштү.

3. Практика учурунда улук окутуучу А.Э.Төрөбекова жетектеген төмөнкү студенттер   Абдыкалыкова Нуриса, Авазханова Алохан, Мизанова Мадина, Равшанбек кызы Ферузалар  аткарган иштери боюнча SWOD анализ жасап, отчет жазышкан. Өздөрүнүн күчтүү жана  алсыз жактарын, мүмкүнчүлүктөрүн, кооптонууларын белгилеп, аны чечүүнүн жолдорун так белгилеп презентация жасай алышты. Мектепте башталгыч класстын мугалими аткарган бардык иш-аракеттери, иш кагаздары менен иштөө көндүмдөрүн  калыптандырып келишти. Жалпы группанын студенттери компетенттүү адис боло тургандыгын тастыктай алышты.

Конференциянын жүрүшүндо жогорудагы үч өзгөчөлүк баса белгиленди. Кесиптик-профилдик практиканын инновациялык технологиялары баса белгиленди, практиканы мыкты өткөн студенттер белгиленди.  Конференцияда карьераны өнүктүрүү жана өндурүштук практиканы уюштуруу бөлүмүнүн Н.С.Жолдошалиева практиканын сапаттуу өткөндугүн, студент-практиканттардын иш-аракеттерин жогору баалап, аларга педагогикалык ийгилик каалап өттү. Конференцияны жыйынтыктап жатып кафедра башчысы С.С.Сакиева студент-практиканттардын методисттери К.М.Уаримовго, Н.Ж.Найманбаевге, Р.С.Нусуповага, А.Э.Торобековага, А.К.Шишкараевага, С.Ч.Осмоналиевага, Д.А.Адановага, Раимкул кызы Айжамалга терен ыраазычылыгын билдирип, педагогикалык ишмердүүлүгүндөгү чыгармачылык ийгилик каалады.

  • КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ
  • КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ
  • КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ
  • КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ