AVN







КУТТУКТОО!!!

КУТТУКТОО!!!
 Apr 2, 2018  864

Урматтуу кесиптештер! Сиздерди окуу жайдын түптөлгөнүнүн 95-жазы менен жана университет катары түзүлгөндүгүнө 25 жыл толгон юбилейи менен куттуктайбыз!

   Сиздердин агартууга кошкон ак эмгегиңиздер түбөлүк тарых бетинде  сакталып калары анык. Жалпы жамаат биримдикте, күжүрмөндүк менен аткарып жаткан иштердин акыбети кайтууда десек жаңылган болбойбуз. Сиздер даярдаган кадрлар өлкөнүн экономикалык-социалдык жактан өсүүсүнө көмөкчү болууда.  Келечектин ээлерин даярдап, жолго салуу чоң эмгекти талап кылат. Ошол эмгегиңиздерди, билимиңиздерди жаштарга үйрөтүп, опол тоодой чоң жүктү аркалоодосуздар.

   Урматтуу кесиптештер, бүгүнкү юбилейиңиздер менен чын дилимден куттуктайм.Үй-бүлөлүк бакыт, ден соолук, бакубатуулук тилейм.