AVN







МЫКТЫ ИЛИМИЙ ЭМГЕК

МЫКТЫ ИЛИМИЙ ЭМГЕК
 Apr 24, 2023  284

Англис тили жана адабияты кафедрасынын илимий иш планынын негизинде “Мыкты илимий эмгек”аталышындагы  илимий-усулдук  жолугушуу болуп өттү.

Бул жолугушууда  мыкты илимий изилдөө ишин жүргүзүп жатышкан  магистранттар Мисиралиева Жылдыз ФББ(АТ)-1-21, жетекчиси ф.и.к., Орозбаева Г.А., Жыргалбаева Бибинур ФББ(АТ)-1-21, жетекчиси улуу окутуучу Жороева Г.А. өздөрүнүн илимий иш жазуудагы  илимий тажрыйбаларын аталган кафедранын студенттери жана магистранттары менен бөлүшүштү.

Жолугушууда илим изилдөө методологиясы боюнча кеңири маалымат беришип, маалымат чогултуу, адабият менен иштөө, адабияттарга шилтеме берүүнүн бир топ ыкмаларын жана илимий иштин гипотезасын аныктоо, адабияттарга сын- пикир жазуу деген сыяктуу бир топ илимий усулдук кеңештерди  жаңыдан илимий иш менен алектенип жаткан магистранттарга беришти. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорун  беришип, жемиштүү жоопторду  алышты.

  • МЫКТЫ ИЛИМИЙ ЭМГЕК
  • МЫКТЫ ИЛИМИЙ ЭМГЕК
  • МЫКТЫ ИЛИМИЙ ЭМГЕК
  • МЫКТЫ ИЛИМИЙ ЭМГЕК