AVN







КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ЖУМУШ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКА

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ЖУМУШ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКА
 Apr 24, 2023  197

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Э. Уметов атындагы факультетинин башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасындагы 710100 Информатика жана эсептөө техникасы багытынын, электр маалыматтарды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары профилинин ИЭТ-1-19,  ИЭТс-1-18  тайпаларына квалификациялык жумуш алдындагы практикасынын отчётун кабыл алуу конференциясы болуп өттү.

Бул конференцияга ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн жетекчиси Жолдошалиева Н.С., башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасынын башчысы доцент С.М.Ажыкулов,  практика жетекчилери Н.Т.Нарматова, Ш.Т.Коңурова, Р.Р.Шеркулов жана ИЭТ-1-19,  ИЭТс-1-18  тайпасынын студенттери катышышты.

Студенттер квалификациялык жумуш алдындагы практикасын Ноокен, Сузак районундагы жана Жалал-Абад, Базар-Коргон, шаарындагы башкармалыктарга, мекемелерге  практикаларын өтөп келишти.

Студенттердин квалификациялык жумуш алдындагы практикасынын отчёттору квалификациялык жумуш алдындагы практиканын ЖОБОсунун баалоо критерийлеринин негизинде бааланды. Практиканы өтөө учурунда окуу илимий изилдөө иштер менен алек болгон студенттер “5” деген бааларга татыктуу болушту.

Конференция учурунда студенттер квалификациялык жумуш алдындагы практика учурунда жетекчилер тарабынан өздөрүнө керектүү болгон баардык методикалык жардамдарды онлайн жана офлайн түрүндө байма- бай алып тургандарын жана теориядан алган билимдерин практика менен айкалыштыра алгандыктарын билдиришти.

  • КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ЖУМУШ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКА
  • КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ЖУМУШ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКА
  • КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ЖУМУШ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКА
  • КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ЖУМУШ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКА