AVN







УЛУУ ЖЕҢИШ ЖАНА ӨЧПӨС ЭРДИК

УЛУУ ЖЕҢИШ ЖАНА ӨЧПӨС ЭРДИК
 Apr 24, 2023  311

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окуу жайдын түптөлгөндүгүнүн 100 жана университеттин 30 жылдык юбилейине карата “100 жылдыкка 100 иш-чара” долбоорунун алкагында Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата «Улуу жеңиш жана өчпөс эрдик: тарыхый эс тутумдун жаңы парадигмалары» аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык иштер бөлүмүнүн башчысы Аширова Гулзат Алимжановна, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Таштанбекова Гүлбарчин Калмурзаевна, Сузак райондук администрация башчысы, акимдин орун басары Камбарова Гулмира Бекеновна, Сузак райондук маданият бөлүмүнүң башчысы Асылбекова Салтанат Амановна, Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Самидинов Нурбек Жолмаматович, Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыктын башчысы Джээнбеков Тунукбек Качканбаевич, Тукубай Тайгараевдин жакын тууганы Сариев Айтыкул агай, жогорку окуу жайлардын окумуштуулары, ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.

Конференцияны Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин эрдиги жана жаш муундар эстеп айтып жүрө турган мекенчилдик сапаттары тууралуу маалымат берди. Өзү да Ооган жергесинде атуулдук кызмат өтөп, согуш эмне экендигин көргөнүн  айтып, мекенибиз тынч, элибиздин бакубат жашоосуна тилектештигин билдирди. Келген конокторго ыраазычылык айтып, жалпы жамаатка жана эли-журтубузга ийгилик каалады.

Тукубай Тайгараевдин жакын тууганы Сариев Айтыкул Баатырдын эрдиги тууралуу  жана учурда ага карата жасалып жаткан иштери жөнүндө кеңири баяндама жасап берди. Студенттерге жана конференциянын катышуучуларына ийгиликтерди каалап, мекенди сүйүүгө жана жарандык активдүүлүккө чакырып кетти.

Конференция 5 секцияда иш алып барып, Тукубай Тайгараевдин жасаган эрдиги, Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхтагы орду, Кыргызстандык жоокерлердин жасаган эрдиктери тууралуу баяндамалар жасалды. Мындан сырткары заманбап илимдин өнүгүүсүнүн жалпы тенденциялары жана перспективалары жөнүндөгү докладдар угулду.

Тукубай Тайгараевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата «Улуу жеңиш жана өчпөс эрдик: тарыхый эс тутумдун жаңы парадигмалары» аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференцияны уюштурууга жана өткөрүүгө активдүү катышкан профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасына, экономикалык-юридикалык факультеттин жамаатына ыраазычылык билдиребиз.

  • УЛУУ ЖЕҢИШ ЖАНА ӨЧПӨС ЭРДИК
  • УЛУУ ЖЕҢИШ ЖАНА ӨЧПӨС ЭРДИК
  • УЛУУ ЖЕҢИШ ЖАНА ӨЧПӨС ЭРДИК
  • УЛУУ ЖЕҢИШ ЖАНА ӨЧПӨС ЭРДИК
  • УЛУУ ЖЕҢИШ ЖАНА ӨЧПӨС ЭРДИК
  • УЛУУ ЖЕҢИШ ЖАНА ӨЧПӨС ЭРДИК
  • УЛУУ ЖЕҢИШ ЖАНА ӨЧПӨС ЭРДИК
  • УЛУУ ЖЕҢИШ ЖАНА ӨЧПӨС ЭРДИК