AVN







ТЕОРИЯДА АЛГАН БИЛИМДИ ПРАКТИКА МЕНЕН АЙКАЛЫШТЫРУУ

ТЕОРИЯДА АЛГАН БИЛИМДИ ПРАКТИКА МЕНЕН АЙКАЛЫШТЫРУУ
 Apr 24, 2023  221

Жалал-Абад колледжинин мектепке чейинки билим берүү адистигиндеги  МЧББб-2-21  жана МЧББк-01-22 тайпаларынын студенттери окуу план боюнча  Жалал-Абад шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде окуу практикаларын продуктивдүү өткөрүп жатышат.  Практика учурунда студенттер балдар менен карым-катнаш жасоо

 процессин  , күндүк режимди туура аткарууну,сейилдөөнү, саякаттарды  туура пландоону,  күндүн экинчи жарымындагы уюштурулуучу  ык машыгууларды туура пландаштырууну үйрөнүшөт. Балдар бакчаларындагы тарбиячылар тарабынан өткөрүлүүчү  сабактарга катышып, алгачкы көндүмдөрдү пайда кылат.  Ата-энелер менен иштөөнун жолдорун байкайт жана үйрөнөт.Балдардын бош убактыларында оюндардын түрлөрүн уюштуруп, оюндун туура аткарылышын жана балдардын активдүү катышуусун байкап, анализдейт.

Бул учурда адис окутуучулар жана практика жетекчилер А.К.Кыргызбаева жана Н.Д. Дурусбекова  студенттерге  методикалык жардамдарды берип,кеп-кеңештерин айтып жатышат.  Студент- практиканттар  бутүрүүчү курстун студенттери тарабынан уюштурулган  көргөзмөлүү сабактарга катышып ,байкоо жүргүзүү жана анализдөөнү үйрөнүштү. Ошондой эле сабак өтүүдөгү  педагогикалык такттынын сакталышын, усулдардын колдонулушун  үйрөнүшүп, практика учурунда теориялык алган билимин практика жүзүндө айкалыштырып жатышат.

  • ТЕОРИЯДА АЛГАН БИЛИМДИ ПРАКТИКА МЕНЕН АЙКАЛЫШТЫРУУ
  • ТЕОРИЯДА АЛГАН БИЛИМДИ ПРАКТИКА МЕНЕН АЙКАЛЫШТЫРУУ
  • ТЕОРИЯДА АЛГАН БИЛИМДИ ПРАКТИКА МЕНЕН АЙКАЛЫШТЫРУУ