AVN







ЖОЛОН МАМЫТОВДУН ӨМҮРҮ

ЖОЛОН МАМЫТОВДУН ӨМҮРҮ
 Apr 20, 2023  275

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын КТ-1-22 тайпасынын студенттерине кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент А.Кадырова отту сүйүп, алоолонуп жанып  турган акын Жолон Мамытовдун өмүрү, чыгармачылык жолу тууралуу  көрсөтмөлүү сабак өттү. Сабакка А.Оморов, К.Б.Калчакеев, А.Р.Шерипбаев баштаган кафедранын окутуучулары катышты.

         Комбинацияланган сабактын тиби тандалып, практикалык сабакта окутуунун жаңы  технологиялары, инновациялык методдор ыктуу колдонулуп, Ж.Мамытов тууралуу студенттердин эс-тутумундагы билимдер суроо-жооптор аркылуу актуалдаштырылды.

         Акындын жазуучулук чеберчилиги, адамдык асыл сапаттары    адабиятчы-сынчылардын омоктуу ойлоруна таянылып, акындын ырларынан көркөм окулуп, замандаштарынын эскерүүлөрү жандандырылып, алп акындын бейнеси студенттердин көз алдына даана тартылды. Обонго салынган  “Издейм сени”, “Кетесиңби, сулуу кыз мени менен” аттуу ырлары студенттер тарабынан аткарылып, аудитория шаңга бөлөндү. Жолондун ырларына шыктанып, бир топ студенттер өздүк ырларын жазышып, көркөм окушту. Жубайы акын, драматург М.Мамазаированын түгөйү тууралуу эскерүүсүн аудиодон угуп, студенттер кош жылдыздай болгон бактылуу үй-бүлөгө суктанганын жашырышпады.

         Топторго бөлүнгөн студенттер даярдаган  кластер, синквейн, крассворддорду презентациялашты. Сабактын аягында катышкан профессор-окутуучулар студенттердин билимин баалашты, көрсөтмөлүү сабак максатына жеткенин белгилешти.

  • ЖОЛОН МАМЫТОВДУН ӨМҮРҮ
  • ЖОЛОН МАМЫТОВДУН ӨМҮРҮ
  • ЖОЛОН МАМЫТОВДУН ӨМҮРҮ
  • ЖОЛОН МАМЫТОВДУН ӨМҮРҮ