AVN

Убагында алган мыкты билимден келечекке ачылган кенен жол башталат

Убагында алган мыкты билимден келечекке ачылган кенен жол   башталат
 Apr 20, 2023  283

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун медициналык колледжинин 060101 Дарылоо иши, 060102 Акушердик иш, 060109  медициналык айым иши адистиктерин бүтүруп жаткан студенттер менен Убагында алган мыкты билимден келечекке ачылган кенен жол   башталат –  деген аталышта иш берүүчүлөр менен тегерек стол болуп өттү.

Жолугушууга Жалал – Абад  областык клиникалык  ооруканасынын башкы медайымы С.Э. Джороева, туштук аймактык жүрөк кан тамыр илимий хирургия борборунун башкы медайымы Г.А. Алимаматова, Сузак үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы медайымы М. Сатыбалдиева, областтык төрөт үйүнүн улуу акушери Аманбаева Кундуз Хамудуллаевналар катышышты.

Иш чараны медициналык колледждин директору А.Д. Эгембердиева ачып берип, келген конокторго негизги кесиптик билим берүү программасынын түзүлүшү боюнча маалымат берип өттү. Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр илимий хирургия борборунун башкы медайымы Алимаматова Гульсара Авазовна 4-5 жыл аралыгында өндүрүштүк практикага барган студенттердин билим деңгээли жакшы көрсөткүчтө болуп жаткандыгын белгилеп өтүп, СД - 1-20 тайпасынын студенти Атабек кызы Жазбийкеге өндүрүштүк практика учурундагы аракети  үчүн грамота тапшырды. Иш берүүчүлөр    мындай  жолугушуулар дайыма оң натыйжа берээрин айтып өтүштү. Иш чаранын соңунда иш берүүчүлөргө ыраазычылык каттар тапшырылды.      

  • Убагында алган мыкты билимден келечекке ачылган кенен жол   башталат