AVN







“ТАЗА ЖАШОО” АКЦИЯСЫ ӨТҮҮДӨ

“ТАЗА ЖАШОО” АКЦИЯСЫ ӨТҮҮДӨ
 Mar 30, 2018  1024

ЖАМУнун Жаштар комитети “Таза жашоо – таза коом” акциясына катышышты. Аталган акция жеке менчик  “Илим ордо” жатаканасы жана Жалал-Абад шаардык Жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулган.

     ЖАМУнун Жаштар комитети аталган акцияга ыктыярчы катары катышып, "Жалал-Абад” санаторийине баруучу Мырзакул Болуш көчөсүн тазалап, дарактарды актап чыгышты. Ар бир жаран айлана-чөйрөнүн тазалыгына өз салымын кошуу менен “Таза жашоого” салым кошо алат. Шаардын таза жана жашыл болуусу өзүбүздүн колдо деп эсептешет жаштар. Чет жактардан келген туристтер ушул көчө менен санаторийге барышарын, ошондуктан анын таза жана көрктүү болушу зарыл деген ойду билдиришти катышуучулар.

   Калаада жарыяланган тазалык, жашылдандыруу, көрктөндүрүү үч айлыгынын алкагында ЖАМУнун жаштары  март айынан баштап эле бул иш-чараларга активдүү катышып, өз салымын кошууда дейт Жаштар комитетинин төрагасы Адилет Усенов.

  • “ТАЗА ЖАШОО” АКЦИЯСЫ ӨТҮҮДӨ
  • “ТАЗА ЖАШОО” АКЦИЯСЫ ӨТҮҮДӨ
  • “ТАЗА ЖАШОО” АКЦИЯСЫ ӨТҮҮДӨ
  • “ТАЗА ЖАШОО” АКЦИЯСЫ ӨТҮҮДӨ