AVN







БЕЛГИЛҮҮ ОКУМУШТУУ, АКАДЕМИК ЖАМУДА

БЕЛГИЛҮҮ ОКУМУШТУУ, АКАДЕМИК ЖАМУДА
 Apr 20, 2023  233

Тарых илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын профессору, академик Асанканов Абылабек агай Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Э.Уметов атындагы тарых кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын жамаатынын катышуусунда, тарых профилинин ошондой эле филология, педагагогика факультеттеринин студенттерине "Кыргыз-Алтай элдеринин маданиятындагы параллелдери" аталышында жаңы изилдөөлөрдүн негизинде өтө кызыктуу жана мазмундуу лекция окуду. Конок лекция мезгилинде академик агай баалуу материалдар менен тааныштырып, алтай жана кыргыз элдериндеги окшош каада-салттарына, жер суунун аталыштарына жана уруулук түзүлүштүн өзгөчөлүктөрүнө кеңири токтолду. Лекциядан соң професоордук-окутуучулук курам жана студеттер өздөрү кызыккан суроолорун беришип толук кандуу фактыларга негизделген жооп алышышты. Агайыбыз ЖАМУнун музейине 2000 ден ашуун эч жерде жарыяланбаган Кыргыз-Алтай элдеринин маданиятына таандык болгон акыркы үлгүдөгү сүрөттөрдү белекке берип, ЖАМУ менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына караштуу Б.Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө МЕМОРАНДУМга кол койушту. Академик агайыбызга чын ден-соолук, илимий иштеринде албан, албан ийгиликтерди каалайбыз. Биздин студенттерибиздин арасында дагы ушундай чыгаан инсандар чыгат деген үмүттөбүз. 

  • БЕЛГИЛҮҮ ОКУМУШТУУ, АКАДЕМИК ЖАМУДА
  • БЕЛГИЛҮҮ ОКУМУШТУУ, АКАДЕМИК ЖАМУДА
  • БЕЛГИЛҮҮ ОКУМУШТУУ, АКАДЕМИК ЖАМУДА
  • БЕЛГИЛҮҮ ОКУМУШТУУ, АКАДЕМИК ЖАМУДА
  • БЕЛГИЛҮҮ ОКУМУШТУУ, АКАДЕМИК ЖАМУДА
  • БЕЛГИЛҮҮ ОКУМУШТУУ, АКАДЕМИК ЖАМУДА
  • БЕЛГИЛҮҮ ОКУМУШТУУ, АКАДЕМИК ЖАМУДА
  • БЕЛГИЛҮҮ ОКУМУШТУУ, АКАДЕМИК ЖАМУДА
  • БЕЛГИЛҮҮ ОКУМУШТУУ, АКАДЕМИК ЖАМУДА
  • БЕЛГИЛҮҮ ОКУМУШТУУ, АКАДЕМИК ЖАМУДА
  • БЕЛГИЛҮҮ ОКУМУШТУУ, АКАДЕМИК ЖАМУДА
  • БЕЛГИЛҮҮ ОКУМУШТУУ, АКАДЕМИК ЖАМУДА
  • БЕЛГИЛҮҮ ОКУМУШТУУ, АКАДЕМИК ЖАМУДА