AVN







ПРОФОРИЕНТАЦИЯ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

ПРОФОРИЕНТАЦИЯ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
 Apr 20, 2023  344

Жалал-Абад колледжинин башталгыч класстардын мугалими адистигинин бүтүрүүчүлөрү менен табигый-техникалык факультетинин табигый-илимий билим берүү  кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынан түзүлгөн топтун ортосунда жолугушуу болуп өттү.

         Жолугушууда табигый илимий билим берүү кафедрасынын кафедра башчысы Н.Б.Арстанбекова 550100 Табигый илимий билим берүү багыты, андагы химия, биология, география профилдери боюнча презентация жасап, студенттерге түшүндүрүп берди. Андан соң студенттердин берген суроолоруна профессордук-окутуучулук курамдын атынан а-ч.и.к.,доцент Б.Жээнбекова, улуу окутуучулар- М.Э.Сатканкулова, К.Н.Артыкбаева, А.Ж. Керимбековалар жооп беришип, кесипке багыттоо үгүт иштерин жүргүзүштү.

          Соңунда табигый илимий билим берүү багытын тандаган студенттерге сертификаттар тапшырылып, аңгемелешүү жүргүзүлдү.

  • ПРОФОРИЕНТАЦИЯ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
  • ПРОФОРИЕНТАЦИЯ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
  • ПРОФОРИЕНТАЦИЯ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
  • ПРОФОРИЕНТАЦИЯ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ