AVN







ИЛИМИЙ МАКАЛА ЖАЗУУНУН ЖОЛДОРУ

ИЛИМИЙ МАКАЛА ЖАЗУУНУН ЖОЛДОРУ
 Apr 20, 2023  472

Медициналык коллеждин окутуучуларына коллеждин директору  б.и.к., доцент А.Д.Эгембердиева илимий макала жазуунун эрежелери боюнча баяндама жасады. Баяндамасында окуу жайда эмгектенген ар бир окутуучу илимий иштин үстүндө иштөө менен илимий макала жазуу милдети катары каралышын баса белгиледи. Илимий макаланын структурасы жана мазмуну, изилдөөнүн суроолору, методологиясы, изилдөө чектеринин жана алкактарынын белгилениши тууралуу маалымат берип, изилдөөнүн илимге кошчу салымына басым жасоо менен, макаланын оригиналдуулугуна журнал редакторлорун ынандыруу жолдору тууралуу мисалдардын негизинде айтып берди.  Ошондой эле эл аралык илимий журналдар менен байланышуу Scopus жана Web of Science маалымат базасына кирген журналдарынын талаптарына ылайык макаланы жазуу өзгөчөлүктөрүнө кеңири токтолду.