AVN

Социалдык-экономикалык билим берүү программасын ишке ашырууда ата-энелер жана бүтүрүүчүлөрдүн кызматташуусунун орду

Социалдык-экономикалык билим берүү программасын ишке ашырууда ата-энелер жана бүтүрүүчүлөрдүн кызматташуусунун орду
 Apr 20, 2023  239

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин тарых кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы 1-2-3-4- курстун студенттеринин ата-энелери жана бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу иш чарасын өткөрүштү.

Темасы “Социалдык-экономикалык билим берүү программасын ишке ашырууда ата-энелер жана бүтүрүүчүлөрдүн кызматташуусунун орду” аталышындагы иш чаранын жүрүшүндө келген коноктор университеттин башкы корпусу менен таанышышып, ошондой эле “Бизнес Инкубатор” бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунда болушуп, аны жетектеген тарых кафедрасынын бүтүрүүчүсү саясий илимдеринин кандидаты, доцент Б.Н.Алымкулов менен жолугушушту, ал борбордун азыркы күндөгү университеттин өнүгүшүнө кошкон салымы боюнча маалымат берип, ата-энелерди жана студенттерди проект менен иштөөгө үндөдү.

Ошондой эле ата-энелер Э.Уметов атындагы педагогикалык факультети менен таанышышып, студенттердин билим алуусуна баардык шарттар түзүлгөн университеттин борбордук китепканасы, ашкана, Рысбай Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залы, заманбап жабдылган компьютердик лабороториялык каналар, спорт зал жана кафедранын тарыхый-этнографиялык музейи, усулдук каналары, окуу аудиторияларына баш багышып, кафедра башчы кураторлор менен кафедарынын, тайпалардын жетишкендиктери жана ийгиликтери жөнүндө маалымат беришти. Иш чаранын жүрүшүндө келген коноктор ЖАМУнун түптөлгөндүгүнүн 100 жыл, түзүлгөндүгүнүн 30 жыл маракесине 100 иш чара алкагында кафедранын тарых илимдеринин кандидаты, улук окутуучу К.А.Халматов тарабынан уюштурулган “Абсамат Масалиевдин туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо” жөнүндөгү ЖАМУнун борбордук китепканасында №5 тескемесине ылайык “Өмүрү өрнөк инсандар” аталышындагы тегерек столго күбө болушушту.

Иш чарынын негизги бөлүгүндө: Темасы “Социалдык-экономикалык билим берүү программасын ишке ашырууда ата-энелер жана бүтүрүүчүлөрдүн кызматташуусунун орду” аталышындагы жыйналышынын программасы боюнча тарых кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент Г.А.Анарбаева жыйналышты ачуу менен кафедранын окуу иштери боюнча жооптуу т.и.к., доцент Э.А.Авазов Социалдык- экономикалык билим берүү тарых профилинин негизги билим берүү программасынын өзгөчөлүктөрү боюнча маалымат берди, кафедранын доценти т.и.к, К.А.Халматов кафедранын илимий-изилдөө иштеринини жүрүшү боюнча, ошондой эле  кафедранын ага окутуучусу Ж.Т.Рыспаева практика иштери жүрүшү жана жетишкендиктери жөнүндө, Ш.Б.Атабекова студенттердин жана бүтүрүүчүлөрдүн жетишкендиктери жөнүндө маалымат беришти. Коноко чакырылган мыкты бүтүрүүчүлөр т.и.к. доцент В.Анарбекова , Ноокен районунун билими берүү башкармалыгынын жетекчиси, эл агартуунун отличниги Н.Олжобаев , тарых кафедрасынын окутуучусу М.К.Умарова, К.Т.Ташматовалар сөз сүйлөп өздөрүнүн жетишкендиктери менен ой бөлүшүп аларды окуткан профессордук-окутуучулук курамга терең ыраазычылык билдиришти. Ата-энелер жылуу пикирлери менен бөлүшүштү. Жакшы окуган студенттерге грамоталар тапшырылып, үлгүлүү студенттердин ата-энелерине ыраазычылык каттар тапшырылды. Жыйындын соңунда белгилүү тарыхчылар т.и.д., профессор Б.К.Абытов жана т.и.к.,доцент К.С.Молдокасымов менен бүтүрүүчүлөр жана кафедранын курамы ой-пикир алышышты. 

  • Социалдык-экономикалык билим берүү программасын ишке ашырууда ата-энелер жана бүтүрүүчүлөрдүн кызматташуусунун орду