AVN







МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫ- КЕСИПКӨЙ АДИС

МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫ- КЕСИПКӨЙ АДИС
 Apr 20, 2023  253

МЧББ-1-19 тайпасына кесиптик-профилдик практиканын жыйынтыктоочу конференциясы болду. Конференцияны ачып берүү үчүн сөз ППОТКнын башчысы С.С.Сакиева берилип, студент-практиканттарды бүгүнкү майрамы менен куттуктап, конференциянын ишине ийгилик каалап, сөздү кафедранын практика жетекчиси М.Н.Мокуева берди. Ал практиканын жүрүшү жөнүндө кыскача маалыматын  айтты. Программанын негизинде группанын студент-практиканттарына берилди, алар практика мезгилиндеги күчтүү жана алсыз жактарын, мүмкүнчүлүгүн жана коркунучтарын белгилеп, аларды жоюу жолдорун айтышты. Жалал-Абад шаарына караштуу №8 Теремок мектепке чейинки билим берүү уюмунун жамааты тарабынан Алмасбек кызы Жумагүлгө, Тургуналиева Таңшоолага, Рустамбек кызы Айданекке жана Сузак районунун №1 Ж.Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбия комплексине караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмунун жамааты тарабынан Токтогулова Бегимайга практика учурундагы ишмердүүлүктөрүн баалап, ийгиликтерин белгилеп ыраазычылык каттарды ыйгарышты.  Методисттер М.Ж.Найманбаев, А.Э.Торобекова, Д.А.Аданова, С.Ч.Осмоналиева, Н.Ш.Мокуевалар практика жогорку деңгээлде өткөрүлгөндүгү, оффлайн жана онлайн форматында байланышкандыгы, практиканын жүрүшүн көзөмөлдөө менен  бирге студенттердин ишмердүүлүгүнө методикалык жардамдар убагында берилгендиги жөнүндө маалымат беришти.

  • МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫ- КЕСИПКӨЙ АДИС
  • МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫ- КЕСИПКӨЙ АДИС
  • МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫ- КЕСИПКӨЙ АДИС
  • МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫ- КЕСИПКӨЙ АДИС
  • МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫ- КЕСИПКӨЙ АДИС