AVN







ПРОФОРИЕНТАЦИЯ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

ПРОФОРИЕНТАЦИЯ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
 Mar 30, 2018  947

ЖАМУнун филология факультетинин окутуучулары Гүлүмкан Көчөрова жана Роза Келдибаева 2018-2019-окуу жылдары үчүн абитуриенттерди кабыл алуу боюнча профориентация иштерин Сузак районунун орто окуу жайларында жүргүзүштү. Маалыматты Р. Келдибаева билдирди.

   Анын айтымында У. Абдукаимов, Т. Арзыкулова, Ж. Бөкөнбаев, Багыш,  М. Базарбаев, И.В. Мичурин, Р. Исманалиев, А. Тажиебаев, С. Жээнбеков, Ю.А. Гагарин, Т. Кошматов, Манас – 1000 орто мектептеринин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуп, окуу жайдагы ар түрдүү багыттагы адистиктер боюнча маалыматтар айтылган. Ошодой эле ар бир адистикте кошумча тесттер тапшырылары боюнча маалыматтар берилген.

   Ал эми жолугушууда жалпы республикалык тестирлөөнүн талаптары жана максаттары жөнүндө кеңири сөз болду.  

  • ПРОФОРИЕНТАЦИЯ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
  • ПРОФОРИЕНТАЦИЯ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ