AVN







ЖАМУНУН СТУДЕНТИ ЧЕМПИОН

ЖАМУНУН СТУДЕНТИ ЧЕМПИОН
 Apr 18, 2023  411

Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган «Алыш» бел боо күрөшү боюнча Бишкек шаарында Эл аралык Гран-при мелдеши болуп өттү. Бул мелдешке Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин дене тарбия адистиги боюнча 2-курсунун студенти (ДТ-1-21) Шаршеналы уулу Мадаминбек 80кг салмакта катышып,биринчи беттеште Индиялык балбанды жеңип, экинчи беттеште Казакстандык балбанды, ал эми финалдык беттеште Өзбекстандык балбанды жеңип байгелүү биринчи орунду багындырды.

 Шаршеналы  уулу Мадаминбекти жана машыктыруучусу Чынгыз Акановду жалпы жамааттын атынан куттуктап, мындан ары да көптөгөн ийгиликтерди жаратуусуна тилектешпиз.

  • ЖАМУНУН СТУДЕНТИ ЧЕМПИОН