AVN

Өлкө таануунун актуалдуу маселелери жана сабакта заманбап ыкмаларды колдонуп сабак өтүү

 Apr 18, 2023  179

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин түптөлгөнүнүн 100 жылдыгына карата 100 иш чаранын алкагында  2023-жылдын 3-апрелинен 15-апрелине чейин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы Кыргызстан немец тилчилер союзу менен бирдикте онлайн жана офлайн форматта 72 сааттык семинар  уюштурушту. Семинардын негизги максаты: азыркы замандын талабына ылайык жогорку окуу жайда иштеген профессордук-окутуучулук курамдын сабак өтүүдөгү заманбап ыкмаларды колдоонуу менен бирге студенттердин билим сапатын жогорулатуу. Семинарда ар түрдүү ыкмаларды практика жүзүндө кафедранын   доценти З.К.Мамбетова  өтө жогорку деңгээлде өтүп берди. Замира Кыдырмышовна сабак өтүү учурунда семинардын катышуучуларына түрдүү инновациялык  ыкмаларды колдонуу менен бирге алардын семинарга болгон кызыгуусун артыра алды. Катышуучулар өздөрү үйрөнүп жаткан ыкмаларды колдонуп ар түрдүү презентацияларды жасашып,семинар ырлар жана музыкалар менен коштолуп каалоо тилектер менен жыйынтыкталды. Катышуучулар мындай семинар уюштурган жана өтүп берген кафедранын жамаатына ыраазычылык билдиришти. Семинарды жыйынтыктоо менен сертификат тапшыруу аземи  болду. Катышуучулар сертификатттарга ээ болушту.

  • Өлкө таануунун актуалдуу маселелери жана сабакта заманбап ыкмаларды колдонуп  сабак өтүү