AVN







БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЫКТЫСЫ

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЫКТЫСЫ
 Apr 18, 2023  184

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасынын башчысы доцент Ажыкулов Сапарбек Мажитовичке ЖАМУнун 100 жылдыгына карата билим берүү жаатындагы  үзүрлүү эмгеги үчүн, Кыргыз Республикасынын билим берүү  жана илим министирлигинин  “Билим берүүнүн мыктысы“ төш белгиси менен сыйланды.

С.М. Ажыкулов 2003-жылдан баштап ЖАМУда бир нече кызматтарды аркалап келүүдө, атап өтсөк окуу бөлүмүндө, ЦИТте, ректордун жардамчысы, башкы статист, Жалал-Абад колледжинде окуу иштери боюнча директордун орун басары, педагогикалык факультетинин деканы, ал эми азыркы учурда 2019-жылдан бери башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасынын башчысы болуп эмгектенип келет. 2016-жылы  дисертациялык ишин коргоп, педагогика илимдеринин кандидаты болгон.Бул жылдар аралыгында  илимий жана окуу-усулдук жумуштарды так аткарып, окуткан предметтерин чыгармачылык изденүү менен өздөштүрүп жаңы маалымат технологияларын колдонуп, санариптештирүүнү жайылтып, коомдук  илимий жана билим жаатындагы иш-чаралардын активдүү катышуучусу мыкты уюштуруучу жетекчи болуп эмгектенип келүүдө.20 дан ашык илимий макалалардын, 1монографиянын,  3 окуу усулдук колдонмонун автору. Илимий-методикалык көрсөтмө куралдарды,  жана электрондук шилтемелерди түзүп, илимий журналдарда жарыялоо менен  илимий конференцияларга үзгүлтүксүз катышып келет.

“Билим берүүнүн мыктысы“ төш белгиси ыйгарылышы  менен,  Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин жалпы эмгек жамааты жана  Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасынын  мүчөлөрү терең урматтоо чын дилден куттуктайбыз .

  • БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЫКТЫСЫ
  • БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЫКТЫСЫ