AVN







ПРОФОРИЕНТАЦИЯ ИШИ БАШТАЛДЫ

ПРОФОРИЕНТАЦИЯ ИШИ БАШТАЛДЫ
 Apr 17, 2023  228

12-апрель күнү  Жалал-Абад колледжинин ветеринария адистигинин бүтүрүүчүлөрү менен  табигый-техникалык факультетинин  ветеринардык медицина кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы жолугушту.

Аталган кафедранын мүчөлөрү бүтүрүүчүлөргө эмгек рыногундагы талаптарга ылайык атаандаштыкка туруктуу болуусун айтып өтүштү.Жаштарга багыт берип, окуусун улантуусун сунушташты.ВЕТк-01-21,ВЕТк-2-20 группаларынын студенттери квалификация алдындагы акыркы практикасынын жыйынтыктарын көргөзүшүп, кызуу баарлашуу болуп өттү.

Заирбеков Нуралы окуу-илимий изилдөө ишинде мал-жандыктардын операция жасоосун үйрөнүп келген. Дагы тереңдеп билим алууну  ниет кылып, жогорку окуу жайда окуусун улантууга чечим кабыл алганын айтты.

Ветеринария адситигенде колледжде билим алып жаткан башка студенттер дагы орто окуу жайын бүткөн соң окуусун жогорку  окуу жайда улантууну каалашып, сертификаттарга ээ болушту – деп билдирди  ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана  практиканы уюштуруу  бөлүмүнүн инспектору   Ж.Н.  Паязова                                                                                                                         

  • ПРОФОРИЕНТАЦИЯ ИШИ БАШТАЛДЫ
  • ПРОФОРИЕНТАЦИЯ ИШИ БАШТАЛДЫ
  • ПРОФОРИЕНТАЦИЯ ИШИ БАШТАЛДЫ