AVN







МАГИСТРАНТТАРДЫН БАШКАРУУ ПРАКТИКАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

МАГИСТРАНТТАРДЫН БАШКАРУУ ПРАКТИКАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
 Apr 17, 2023  271

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун табигый-илимий билим берүү кафедрасында табигый илимий билим берүү багытынын биология профилинин ТИББ(Б)маг.1-22 тайпасынын магистранттары 2023-жылдын 27-мартынан 8-апрелине чейин окуу графигине ылайык эки жумалык башкаруу практикасын ийгиликтүү өтөп келишип,  2023-жылдын 13-апрелинде башкаруу практикасы боюнча  отчетторун тапшырышты.

         Магистранттар башкаруу практикасын Лейлек, Ноокен, Сузак районундагы жана Базар Коргон, Таш Көмүр шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептерде, Жалал-Абад шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин гуманитардык –экономикалык колледжде практикаларын өтөп келишти.

            Башкаруу практикасынын жобосуна ылайык,  магистранттар  практика мезгилинде билим берүү мекемесинин башкаруу системасын, анын стратегиялык өнүгүү пландарын, жалпы иш пландарын, түзүмдүк уюмдардын кызматтык милдеттерин, мектеп жетекчисинин жүргүзгөн жумуштарын, педагогикалык ишмердүүлүгүн талдоо менен билим берүү мекемесинин окуу көрсөткүчтөрүн анализдөө, аларды жалпылоо, иш тажрыйбаларын үйрөнүү максатын көздөшкөн. Бул багытта ар бир магистранттын аткарган иштеринин  штеринин отчеттору угулуп, баа берилди.

         Башкаруу практикасында алган тажрыйбалар келечекте магистранттардын пеадгогикалык ишмердүүлүгүндө өз натыйжасын берет деген ишеничтебиз.

Жыйынтыктоочу конференцияга кафедра башчысы Н.Б. Арстанбекова, практика жетекчилери жана магистранттар катышты.

  • МАГИСТРАНТТАРДЫН БАШКАРУУ ПРАКТИКАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • МАГИСТРАНТТАРДЫН БАШКАРУУ ПРАКТИКАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • МАГИСТРАНТТАРДЫН БАШКАРУУ ПРАКТИКАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • МАГИСТРАНТТАРДЫН БАШКАРУУ ПРАКТИКАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • МАГИСТРАНТТАРДЫН БАШКАРУУ ПРАКТИКАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ