AVN







АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА МАСТЕР-КЛАССТАР ТАРАДЫ

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА  МАСТЕР-КЛАССТАР  ТАРАДЫ
 Apr 17, 2023  248

Жалал-Абад колледжинде толлеранттуулук чөйрөсүн түзүү, окутуучулардын педагогика-психологиялык   компетентүүлүгүн жогорулатуу, студенттер менен мамиле тузүү маданиятын көтөрүү  жана жеринде билимин өркүндөтүү боюнча педагогикалык окууларга таянып, мастер-класстарды өтүү боюнча колледждин директору Б.М.Турдубаева тарабынан буйрутма чыккан.  №29/23-буйрутмага ылайык,мастер-класстар эки багыт боюнча уюштурулду. Биринчи багыт-колледждин психология окутуучулары тарабынан психолгия багытында.Экинчи багыт ПЦКлардагы экиден окутуучу педагогика багытындагы бирден темага мастер-класстарды өтүү.

         Графикке ылайык,аптанын биринчи күнүндө колледждин психология окутуучулары М.Досалиева,Р.Кушбакова жана Д.Жумабаева  “Толеранттуу окутуу чөйрөсү” деген темада ПЦКлардын окутуучуларын үч тайпага бөлүп мастер-класс өтүштү.

Анда окутуучулардын мектеп жана студенттик курагындагы мугалимдерге болгон таарынычтары , эсте калган окуялары жөнүндө талкуу болду. Ар бир окуя үчүн чыңалуудан нерв системалардын кайра калыптанбашы, стресстен жапа чеккен органдардын акыбалы илимий изилдөөлөрдүн негизинде далилденди.Студенттердин жаш өзгөчөлүгүнө карап мамиле жасоо, айрыкча колледжге өткөөл курактагы балдар жана кыздар окууга келээри талкууланды. Окутуучуларга психологиялык тесттерди жургүзүштү.

           Педагогика багытындагы мастер-класстар Жалал-Абад  колледжинде кийинки аптада дагы уланмакчы.

  • АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА  МАСТЕР-КЛАССТАР  ТАРАДЫ
  • АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА  МАСТЕР-КЛАССТАР  ТАРАДЫ
  • АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА  МАСТЕР-КЛАССТАР  ТАРАДЫ