AVN

НББПсын ишке ашырууда иш берүүчүлөр менен ЖОЖдордун кызматташтыгы аталышындагы конференция

НББПсын ишке ашырууда иш берүүчүлөр менен ЖОЖдордун кызматташтыгы  аталышындагы конференция
 Apr 17, 2023  303

Э.Уметов атындагы физика жана информатика кафедрасында негизги билим берүү программасын (НББП) ишке ашыруу процессинин алкагында жогорку окуу жайлар, иш берүүчүлөр менен  болочок адистерди даярдоо боюнча кезектеги конференция болуп өттү.  Конференцияга облустук,  райондук, шаардык мектептердин жетекчилери жана Ноокен райондук БББнүн окуу жана тарбия иштери боюнча башкы адиси катышты. Конференциянын жүрүшүндө болочок адистерди даярдоодо иш берүүчүлөр менен ЖОЖдун кызматташтыгын бекемдөө максатында НББПнын ишке ашыруудагы көйгөйлөр жана анын чечүүнүн жолдору талкууланды.

         Конференцияда физика жана информатика кафедрасынын башчысы п.и.к., доцент Р.С.Нусупова НББПсынын максаты, милдети, ишке ашыруу жолдору боюнча катышуучуларга кеңири маалымат берди. Ал эми НББПнын түзүүдөгү өзгөчөлүктөрү боюнча Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун лицензиялоо аккредитациялоо жана сапат бөлүмүнүн башчысы, т.и.к., доцент Г.Т.Маматова түшүндүрмө берди. Бүтүрүүчүнүн моделин  кафедранын доценти, п.и.к. Э.К.Молдокеримова баяндады. Эмгек рыногунундагы ЖОЖдун бүтүрүүчүлорүнүн орду, аларга карата талаптар боюнча Ноокен райондук БББнүн окуу, тарбия иштери боюнча адиси З.Акматалиева өз сөзүндө кеңири токтолду жана болочок адистерди даярдоодо мектеп менен  ЖОЖ тыгыз байланышта болуп, биргеликте иш алып барууну сунуштады.

         Конференциянын жыйынтыгында катышуучуларга ыраазычылык каттар берилди.

  • НББПсын ишке ашырууда иш берүүчүлөр менен ЖОЖдордун кызматташтыгы  аталышындагы конференция