AVN

СТУДЕНТТЕРДИН ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАСЫНЫН ОТЧЕТТОРУН КАБЫЛ АЛУУ

СТУДЕНТТЕРДИН ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАСЫНЫН ОТЧЕТТОРУН КАБЫЛ АЛУУ
 Apr 17, 2023  211

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинин электроэнергетика жана механика кафедрасындагы 640200 Электроэнергетика жана электротехника багытынын, электр менен камсыздоо жана электроэнергетикалык системалар жана түйүндөр профилинин ЭЭСС-1-20, ЭС-1-20 тайпаларына өндүрүштүк практикасынын отчётун кабыл алуу конференциясы болуп өттү.

Бул конференцияга  ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн жетекчиси Жолдошалиева Н.С., Электроэнергетика жана механика кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент Кокумбаева К.А. жана өндүрүштүк практиканын жетекчилери Ташиев З.К., Алиев М.К., Турдукулова А.А., Султаналиева К.К., Кочкорова М.Б. жана ЭЭСС-1-2-, ЭС-1-20 тайпасынын студенттери катышышты.

Студенттеридин өндүрүштүк практикасынын отчёттору өндүрүштүк практиканын ЖОБОсунун баалоо критерийлеринин негизинде бааланды. Өндүрүштүк практиканы өтөө учурунда окуу илимий изилдөө иштер менен алек болгон студенттер “5” деген бааларга татыктуу болушту.

Конференция учурунда студенттер өндүрүштүк практика учурунда жетекчилер тарабынан өздөрүнө керектүү болгон баардык методикалык жардамдарды байма- бай алып тургандарын жана теориялан алган билимдерин практика менен айкалыштыра алгандыктарын билдиришти.

  • СТУДЕНТТЕРДИН ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАСЫНЫН ОТЧЕТТОРУН КАБЫЛ АЛУУ