AVN







Т.ТАЙГАРАЕВДИН 100 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ЭКСКУРСИЯ

Т.ТАЙГАРАЕВДИН 100 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ЭКСКУРСИЯ
 Apr 17, 2023  544

Жалал-Абад колледжинин  Гуманитардык илимдер  ПЦКнын    студенттери  Сузак районуна караштуу Багыш айыл өкмөтүнүн  Кулбайлуу айылына экскурсияга барышты. Экскурсия Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата болду.Бул айылда баатырдын  үй музейи жайгашкан.  Үй музейге экскурсия тайпалардын кураторлору Г.Токтоматова, А.Жороева  жана тарых  окутуучулары Ч.Токтосунова, А.Тайшынова тарабынан уюшулду.

  Музейдин экскурсоводу студенттерге Т.Тайгараевдин  энеси Лайли эненин үй буюмдарын,баатырдын сүрөттөрүн,документтерин,алган орден жана  медалдарын ,кийимдерин көрсөтүп, маанилүү маек куруп берди. Тарых сабагынан берген окутуучулар дагы студенттерге тарыхый материалдардын жардамында кошумча маалыматтарды кенен түшүндүрүп беришти.

 Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата  тарбиялык  ачык саат АТк-3-22  тайпасына дагы өткөрүлдү.   Куратору ЖАКтын орус тили окутуучусу Г.Султанова. Сабакта  студент Аттокурова Назбийке  Т.Тайгараев жөнүндө топтогон материалдардын  негизинде презентация жасады.

Тукубай Тайгараев 1923-жылы Сузак районундагы Кедей-Арык айылында туулган. Ал 1942-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылып, 19 жашында согуш майданына аттанган. Андан кийин 375-аткычтар дивизиясын жетектеп, 1944-жылы Латвиядагы фашисттер менен болгон кармашта көз жумган.

Өткөрүлгөн  иш-чаралардын  максаты: Баатырлардын эрдиктери унутулгус экендигин даңазалоо,алардын аты өчпөй тургандыгын түшүндүрүү менен Ата Мекенди коргоого, Кыргызстандын келечегине салым кошо турган татыктуу инсандарды тарбиялоо.

  • Т.ТАЙГАРАЕВДИН 100 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ЭКСКУРСИЯ
  • Т.ТАЙГАРАЕВДИН 100 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ЭКСКУРСИЯ