AVN

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДАГЫ ЧЕТ ТИЛДЕРИН ОКУТУУНУН ПРОБЛЕМАЛАРЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДАГЫ ЧЕТ ТИЛДЕРИН ОКУТУУНУН ПРОБЛЕМАЛАРЫ
 Apr 17, 2023  233

Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин түптөлгөнүнүн 100 жылдыгына карата 100 иш чаранын алкагында  «Жогорку окуу жайларында чет тилдерин окутуунун проблемалары» аталышындагы республикалык деңгээлдеги илимий-практикалык конференциясын өткөрүштү. Конференциянын негизги максаты азыркы замандын талабына ылайык жогорку окуу жайда иштеген профессордук-окутуучулук курамдын чет тилин билүү жана Жалал-Абад областынын райондорундагы мектептерге немис тилин жайылтуу. Конференциянын ачылышында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, т.и.д., профессор К.Ж.Усенов куттуктоо сөзүн сүйлөп, мындан ары да чет тилин окутуунун негизги максаты окутуучуларды жана студенттерди чет өлкөлөргө чыгаруу, Кыргызстандын Жогорку окуу жайлары менен мобилдүүлүктү күчөтүү, англис, немис тилдеринде чет өлкөлөрдөн макала чыгаруу менен илимий потенциалды жогорулатуу –бул негизги максат экендигин белгиледи. Конференцияга Бишкек жана Ош шаарларындагы ЖОЖдордон ф.и.д., профессор Садыкова Сымбат Зарылкановна, ф.и.к., доцент Мамбетова Замира Кыдырмышовна, ф.и.к., доцент Кайкыбашева Айзада Келдибаевналар  катышышты. Конференция өз ишин улантып андан ары пленардык жана секциялык иштерде илимий докладдар окулду. Конференциянын жыйынтыгынын негизинде кафедра башчысы, доцент Ч.А.Асылбекова төмөндөгүдөй резолюция сунушталганын билдирди: 1. ЖАМУнун рейтингин жогорулатуу. 2. Республикадагы ЖОЖдор менен мобилдүүлүктү күчөтүү. 3. Чет тилдерди окутуу усулдарын өркүндөтүү. 4. ЖАМУдагы студенттер, магистранттар, окутуучулар арасында илимий-изилдөө иштерин активдештирүү (чет өлкөдөн макалаларды чыгаруу, конференцияларга катышуу, кандидаттык, докторлук диссертацияларды коргоо). Пленардык жана секциялык иштеринде  окулган докладдар мыкты докладдар деп табылып, дипломдор менен сыйланышты.

  • ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДАГЫ ЧЕТ ТИЛДЕРИН ОКУТУУНУН ПРОБЛЕМАЛАРЫ