AVN







АРДАГЕРЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

АРДАГЕРЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
 Apr 14, 2023  232

Алдыңкы тажрыйба борборунун  өзгөчө кырдаалдарда коргонуу адистигинин ӨКк-2-21,ӨК-2-20 тайпаларынын студенттери ӨКМдин  Жалал-Абад  областы боюнча башкармалыгынын ардагерлери  ӨКМдин Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн кезметчиси,полковник Эркин Ильясович Багишев жана Жалал-Абад,Талас областы боюнча өрт көзөмөлдөө башкармалыгын башкы адиси, подполковник  Бакытбек Бекташевич Нишанов менен жолугушуу болуп өттү.Мында ардагерлер өздөрүнүн басып өткөн эмгек жолу жана андагы ийгиликтери,кызматтагы  кыйынчылыктары ,азыркы жетишкендиктери жөнүндө кеңири баяндап беришти.Мындан тышкары,бул адистиктин өзгөчөлүгү,азыркы учурдагы коомдогу ээлеген орду жөнүндө да кеңири баяндап беришти.

  Бул жолугушуу өзгөчө кырдаалдарда коргонуу адистигинин студенттери үчүн чоң мотивация болду.Студенттер өздөрү кызыккан суроолорго жоопторду ала алышты.Студенттер өздөрү тандаган адистигинин көп жакшы жактарын,ийгиликтерин  угуп,адистикти туура тандаганын жана бул адистик азыркы учурда өтө керектүү адистик экендигин билишти.

 Мындай иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турарын,адистикти тандаган студенттер үчүн стимул болоору айтылды.Бул иш-чарага Жалал-Абад колледжинин өндүрүштүк окуу иштери боюнча директордун орун басары Ү.Т.Кайкиева ,өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн жетекчиси Э.А.Режапова жана  куткаруу иштеринин тактикасы  предметинин  окутуучусу подполковник А.А.Эшбаев агайлар катышып,ардагерлерге ыраазычылк билдиришти, окуу жайдын атынан ардак грамоталар тапшырылды. 

  • АРДАГЕРЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • АРДАГЕРЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • АРДАГЕРЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ