AVN







КАРАТАЙ САРТБАЕВДИН ПЕДАГОГИКАЛЫК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

КАРАТАЙ  САРТБАЕВДИН  ПЕДАГОГИКАЛЫК  ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
 Apr 14, 2023  427

 Педагогика  адистигинин 3-курстары үчүн  Ишеналы Арабаев атындагы университетинин кыргыз жана орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору Мусаева Венера Инаятовна “Профессор Каратай Сартбаевдин педагогикалык ишмердүүлүгү” деген темада он-лайн конок лекция окуду. Профессор В.И.Мусаева Картай Сартбаевге арналган видео сабагы  аркылуу окумуштуу жөнүндө бир топ маалыматтарды берди. Каратай Сатрбаев башталгыч класстарда кыргыз тилин окутууга эмгеги синген окумуштуу катарында кыргыз педагогикасында окуп-үйрөнүлүп келгендигине басым жасады. Ошондой эле окумуштуунун башталгыч класстарга арналган эмгектери 10 томдук жыйнак болуп басылып, сунушталгандыгы жөнүндө да маалымат берди. Окумуштуунун эмгектери башталгыч класстарда орфографияны, синтаксистти, пунктуацияны, стилистиканы окутууга арналган. Окуучунун каллиграфиялык сабаттуулугун арттыруу боюнча окумуштуу тарабынан түзүлгөн таза жазуу дептери да бир топ жылдар бою окуучулар колдонгондугун да айтып өттү. Каратай Сартбаев окуу китептерин түзгөн автор катары да белгилүү. Каратай Сартбаев “Алиппе”, “Кыргыз тили” окуу китептеринин автору болгон. Окумуштуунун баалуу эмгектерин, мурастарын окуп-үйрөнүү максатында Ишеналы Арабаев университетинде Каратай Сартбаев атындагы лаборатория иштейт, аны педагогика илимдеринин доктору, профессор А.Р.Акунова жетектейт. Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасында биринчи жолу «Сартбаевдик окуулар-2022” алкагында: «Башталгыч билим берүү: теориясы, практикасы жана өнүгүү тенденциялары-2022» аталышында Эл аралык илимий-практикалык  конференциясы уюштурулган. Конференцияга  Кыргызстандагы белгилүү окумуштуулар катышып, окумуштуунун педагогикалык ишмердүүлугүнө жогору баа беришкен. Конференциянын материалдары Бекмамат Осмонов атындагы университеттин жыйнагына басылган.  Учурда Каратай Сартбаевдин педагогикалык ишмердүүлүгүңө арналган изилдөөлөрдү магистранттар, аспиранттар жүргүзүүдө. Студенттер тарабынан лекторго суроолор берилди. Аягында   студенттердин ишмердүүлүгүнө лектор тарабынан ыраазычылык билдирилип, конок лекцияны уюштурууга мүмкүнчүлүк түзгөн кафедра башчысы, профессор С.С.Сакиевага терен ыраазчылык билдирди.

  • КАРАТАЙ  САРТБАЕВДИН  ПЕДАГОГИКАЛЫК  ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
  • КАРАТАЙ  САРТБАЕВДИН  ПЕДАГОГИКАЛЫК  ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
  • КАРАТАЙ  САРТБАЕВДИН  ПЕДАГОГИКАЛЫК  ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
  • КАРАТАЙ  САРТБАЕВДИН  ПЕДАГОГИКАЛЫК  ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ