ЖАМУНУН ДОЦЕНТИ АРСТАНБЕКОВА НУРЖАН ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН АРДАК ГРАМОТАСЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ
Apr 14, 2023 712
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин табигый-техникалык факультетинин табигый-илимий билим берүү кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Арстанбекова Нуржан Батыровна ЖАМУнун 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүү жаатындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги, жаш муунарды тарбиялоого кошкон олуттуу салымы, ошондой эле жигердүү коомдук ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланды.
Сыйлыкты окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович тапшырды.
Н.Б.Арстанбекова педагогикалык эмгек жолун 1984-жылы мектепте мугалим болуу менен баштаган. 1994-жылдан бери Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окутуучу, улуу окутуучу, доцент, кафедра башчысы кызматтарын аркалап келет.
Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын илим жана Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы, «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси (2006) менен сыйланган.