AVN







СЕН ЖАЛГЫЗ ЭМЕССИҢ!

СЕН ЖАЛГЫЗ ЭМЕССИҢ!
 Mar 29, 2018  1006

ЖАМУнун  медицина факультетинин  “ Акушерство жана педиатрия”  кафедрасы тарабынан 24-март  “ Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө” карата   конференция уюштурулду.

    Бул иш чаранын алкагында студенттер өз колдору менен “ Ак ромашка” гүлдөрүн жасап акция уюштурушту. Андан түшкөн каражатка 40дан ашуун жаш өспүрүмгө таттуу  белектерди алып, кургак учук менен ооруп дарыланып жаткан  жаш балдардан кабар алуу максатында  кургак учука каршы күрөшүү диспансерине барышты.

   Андан соң университеттик деңгээлде конференция уюштурулду.  Конференциянын журүшүндө тема боюнча, баяндамалар, презентациялар, сценкалар, викториналар, өздүк чыгармалар окулуп, концерттик программанын коштоосунда  өткөрүлдү.  Бул конференцияны кафедра башчысы Нургуль Садырова жетектеп чет элдик жана кыргыз группадагы студенттердин жардамы менен уюштурулган.

  • СЕН ЖАЛГЫЗ ЭМЕССИҢ!
  • СЕН ЖАЛГЫЗ ЭМЕССИҢ!
  • СЕН ЖАЛГЫЗ ЭМЕССИҢ!
  • СЕН ЖАЛГЫЗ ЭМЕССИҢ!
  • СЕН ЖАЛГЫЗ ЭМЕССИҢ!
  • СЕН ЖАЛГЫЗ ЭМЕССИҢ!
  • СЕН ЖАЛГЫЗ ЭМЕССИҢ!