AVN







БОЛОЧОК ИШКЕРГЕ ЮРИСТТЕН КЕҢЕШ

БОЛОЧОК ИШКЕРГЕ ЮРИСТТЕН КЕҢЕШ
 Apr 13, 2023  242

11.04.23 күнү Жалал-Абад колледжинин жана экономика-юридикалык колледждин ишкердикке кызыккан студенттери үчүн  “Болочок ишкерге юристтен кеңеш”аттуу тегерек стол болуп өттү. Тегерек стол экономика ПЦКсынын окутуучулары Г. Чекиргозова, Н. Тукуева, А. Кочкорова Т. Ташбекова жана Э. Калимбетова тарабынан уюштурулуп, Ишкердикти колдоо борборунун юрист-консультанты Ильясбек Маликбаевичтин катышуусунда өттү.

  Тегерек столдо стартап командаларынын студенттерине жана окутуучуларга ишкердиктин юридикалык аспектилери тууралуу кеңири маалымат берилип, ишкердикти баштоодогу кыйынчылыктар, тоскоолдуктар жана саамалыктар талкууланды жана кызыктуу маек болду. Студенттер кызыккан суроолоруна адистен жооп алышты.  Иш чаранын жыйынтыгында Ильясбек Маликбаевичке  уюштуруучулар тарабынан ыраазычылык кат тапшырылды.

  • БОЛОЧОК ИШКЕРГЕ ЮРИСТТЕН КЕҢЕШ
  • БОЛОЧОК ИШКЕРГЕ ЮРИСТТЕН КЕҢЕШ
  • БОЛОЧОК ИШКЕРГЕ ЮРИСТТЕН КЕҢЕШ
  • БОЛОЧОК ИШКЕРГЕ ЮРИСТТЕН КЕҢЕШ
  • БОЛОЧОК ИШКЕРГЕ ЮРИСТТЕН КЕҢЕШ