AVN

МОЛДО НИЯЗ АЛГАЧКЫ ЖАЗГЫЧ АКЫН, АГАРТУУЧУ, ФИЛОСОФ ЖАНА ТАРЫХЧЫ

МОЛДО НИЯЗ АЛГАЧКЫ ЖАЗГЫЧ АКЫН, АГАРТУУЧУ, ФИЛОСОФ ЖАНА ТАРЫХЧЫ
 Apr 13, 2023  642

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин, чоң жыйындар залында 2023-жылдын 11-апрель күнү “100 жылдыкка 100 иш-чара” долбоорунун алкагында өткөрүлүүчү Молдо Нияздын 200 жылдыгына арналган “Молдо Нияз алгачкы жазгыч акын, агартуучу, философ жана тарыхчы” аталыштагы республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияны - модератор Усенов Кеңешбек Жумабекович тех.и.д., профессор куттуктоо сүйлөп  ачып берди.  Коноктордон КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сыргабаев Абсаттар Токтогулович, Жалал-Абад шаарынын мэри Ормоков Эрнисбек Абдижалилович, Молдо Нияз туулуп өскөн Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысы Таабалдиев Раимбек Исмаилович куттуктоо айтып жана ЖАМУга ийгиликтерди каалап кетишти.

Ал эми пленардык жыйында Эшиев Асылбек Мирзатилаевич, филология илимдеринин доктору, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору - “Молдо Низдын “Курбанжан датка” поэмасында коомдук-саясий абалдын сүрөттөлүшү”; Молдокасымов Кыяс Сатарович, КР Президенттик Админстрациясынын алдындагы Мурас Фондунун төрагасы, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, тарыхчы-журналист -“Молдо Нияз - тарыхчы жана ал тууралуу архивдик жаңы табылгалар”; Зулуев Бекмурза Бекболотович, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору - “Кыргыз коомчулугундагы Молдо Нияздын агартуучулук орду жана ролу”; Абытов Байболот Капарович, тарых илимдеринин доктору, Ош мамлекеттик университетинин профессору - "Молдо Нияздын "Дигарстарындагы" тарыхый инсандар"; Акынбекова Айман Усенбаевна, филология илимдеринин кандидаты, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын доценти - “Молдо Нияздын жазуу технологиясы” аталыштагы баяндамаларды жасашты.

Секциялык бөлүгүндө: Педагогикалык, филологиялык, табигый-техникалык, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча баяндамалар жасалды.

Конференциянын жыйынтыктыгында суроо жооптор менен кызыктуу талкууланып, орун алгандарга сыйлыктар берилди.

         Ошондой эле төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, “Ак таңдай” акындар ордосунун негиздөөчүсү Акимбеков Абдибали Бурканович өзүнүн шакирти, “Ак таңдай” акындар ордосунун мүчөсү Тынарбек Бураевди ээрчитип келип, окумуштуулардын алдында өтүлүп жаткан иш-чаранын мааниси жөнүндө төгүп ырдап беришти.

  • МОЛДО НИЯЗ АЛГАЧКЫ ЖАЗГЫЧ АКЫН, АГАРТУУЧУ, ФИЛОСОФ ЖАНА ТАРЫХЧЫ