AVN







АДАПТАЦИЯЛЫК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

АДАПТАЦИЯЛЫК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
 Apr 12, 2023  211

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинде англис тили жана адабияты адистигинин 2-курсунун ЧТ-1-21,ЧТк-2-21, ЧТк-3-21 тайпаларынын студенттери менен  адаптациялык педагогикалык практикага багыттоочу конференция өткөрүлдү.         Конференцияны англис тили жана адабияты кафедрасы уюштуруп, ага педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын доценти Г.У.Рыскулова жана улук окутуучу Г.К.Темирбаевалар да катышышты. Студент-практиканттарга адаптациялык практиканын максаты жана милдеттери, толтурулуучу документтерге ылайык жүргүзүлүүчү иш аракеттер менен тааныштырды. Төмөнкүлөргө токтолушту:

      Мектепке жана жалпы билим берүүгө тиешелүү иш кагаздар менен таанышуу: окуу планы, окуу программасы жана окуу китептери боюнча. Окуучулардын окуу ишмердүүлүгүнө психологиялык байкоо жүргүзүү.

      Мектепте класс жетекчилик ишти алып баруу менен окуучулардын өздүк делолору менен таанышуу, класстагы окуучуларга анализ жасоо (окуучулардын саны, социалдык абалы, жынысы ж.б.)

       Мектептеги соц. педагогдун иши менен таанышуу. Бөлүнгөн класста канча көйгөйлүү окуучулар бар, аларга анализ жасоо. «Тобокел тобундагы» окуучулар менен иштөө. Алардын кызыгууларын жана мамиле түзүү өзгөчөлүктөрүн изилдөө.

         Класс жетекчинин тарбиялык иш планы менен таанышып өзүнүн тарбиялык иш планын түзүүнү үйрөтүү. Класстык тарбиялык сааттарга катышуу.

          Тажрыйбалуу педагогдордун жана студент–практиканттардын тарбиялык сабактарына катышуу, класстан тышкаркы иш-чараларды уюштурууга байкоо жүргүзүү.

          Мектептеги предметтик мугалимдер менен пикир алышуу, сабак өтүүнүн психологиялык өзгөчөлүктөрү боюнча талкуулоо. Окуучулардын көӊүл буруу, кабыл алуу жана окуу активдүүлүгүн өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерди түшүндүрүү.

        Бөлүнгөн мектептерге  барып, педагогикалык этиканы сактоо менен, практиканы ийгиликтүү өтөп келүүлөрүнө ийгиликтерди каалап кетишти.

  • АДАПТАЦИЯЛЫК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • АДАПТАЦИЯЛЫК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ