AVN







ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТОО КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛДУ

ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТОО КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛДУ
 Mar 29, 2018  828

ЖАМУнун филология факультетинин 313-аудиториясында 29-мартта РЯЛ-1-14 тайпасынын студенттеринин  кесиптик-профильдик практикасын жыйынтыктоого арналган конференция болуп өттү.

Конференцияга III-IV курстун студенттери, орус филологиясы, педагогика жана психология кафедраларынын окутуучулары, ошондой эле шаардык мектептердин мугалимдери катышты.

Студенттер өздөрүнүн сабактарынан, класстан тышкаркы иштеринен кызыктуу фрагменттерди көрсөтүштү, практикадан алган таасирлери менен ой бөлүштү.

Университеттин окутуучулары, мектептин мугалимдери кээ бир студенттердин сүйлөө речинин начардыгын баса белгилешти жана кантип орус тилин үйрөнүүнүн жолдорун айтып өтүштү.

Аягында практиканы уюштуруунун сапатын жогорулатуунун жолдору белгиленди. Белгилей кетсек, студенттер 2018-жылдын 5-февралынан 17-мартына чейин шаардын жана Сузак районунун орто мектептеринде практикасын өткөрүп келишти.

  • ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТОО КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛДУ
  • ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТОО КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛДУ
  • ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТОО КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛДУ
  • ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТОО КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛДУ