AVN







КОНФУЦИЙДЕ САБАК-КИНО УЮШТУРУЛДУ

КОНФУЦИЙДЕ САБАК-КИНО УЮШТУРУЛДУ
 Apr 11, 2023  191

Конфуций институтунун тил үйрөнүүчүлөрүнө «Кашкар гүлү» аталышындагы кино-сабак уюштурулду. Анын максаты кытай тилин үйрөнүүнү тереңдетүү, кытай тилинин турмушта колдонулушун, кытай элинин маданиятын үйрөтүү. Студенттерге көрсөтүлгөн фильм жаштардын турмушунан алынган. Мында бүгүнкү жаштардын көз караштары, дүйнө таанымы, бири-бирине, коомдук чөйрөгө, улуу-кичүүгө мамилеси баяндалат.

Кинофильмден кийин суроо-жооп, талкуу уюштурулду. Үйрөнүп жаткан кытай сөздөрү кайсы учурларда кандайча колдонулгандыгы, туура айтылышы ж.б. тууралуу сөздөр айтылды. Кинонун идеясы, тарбиялык мааниси, кытай жаштардын көз караштары, маданияты, кыргыз жаштары менен окшоштуктары тууралуу ойлор ортого салынды.

Сабак кинодон студенттер өздөрүнө керектүү маалыматтарды, оң таасирлерди ала алышты. Ушундай өзгөчө сабактардын болуп турушун каалап кетишти жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.

  • КОНФУЦИЙДЕ САБАК-КИНО УЮШТУРУЛДУ
  • КОНФУЦИЙДЕ САБАК-КИНО УЮШТУРУЛДУ
  • КОНФУЦИЙДЕ САБАК-КИНО УЮШТУРУЛДУ
  • КОНФУЦИЙДЕ САБАК-КИНО УЮШТУРУЛДУ