AVN







ЖАМУНУН СУЛУУСУ - 2023

ЖАМУНУН СУЛУУСУ - 2023
 Apr 11, 2023  349

     Б.Осмонов  атындагы ЖАМУда ү “100 жылдык 100 иш-чара” долбоорунун алкагында “Маданий-эстетикалык” борбору жана конкурстун көркөм жетекчиси Шаимкулов Ырысбай Абдуллаевич, ЖАМУнун жаштар комитети ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети  биргеликте өткөргөн жыл сайын салтка айланган “ЖАМУнун сулуусу- 2023” конкурсу  болуп өттү.

   Бул конкурска окуу жайыбызда окуган ай чырайлуу, акыл эстүү,  таланттуу 12 кыз катышышты. Жылдагыдан өзгөчөлөнүп, быйыл кыздар  арасында  каалоочулар көп болгондугун уюштуруучулар белгилешти.

    Фаультет жана коллеждерден тандалып алынган сулуулар сынактын 4 түрү менен ат салышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүп, төмөндөгүдөй жыйынтыкталды.

Конурска активдүү катышкандыгы үчүн Диплом менен:

  1. Молдосмонова Айзирек Талайбековна. (Экономика-юридикалык факультет).
  2. Сатылганова Алина Алмазбековна.  (Жалал-Абад колледжи).
  3. Жумашева Тазагүл Анарбаевна. (Э.Уметов  атындагы педагогикалык факультет).
  4. Бакирова Сезим Нурланбековна. (Экономик-юридикалык колледж).
  5. Азимова Үмүт Бейшеналиевна . (Филология факультети).
  6. Алишова Датка Арзиевна (Экономика-юридикалык колледж).
  7. Исмаилова Айжан Бахтияровна (Жалал-Абад колледжи).

Конкурстун байгелүү орундарына:

1.“МИСС ЖАГУ Интелект -2023”  Айпалиева Айтеңин Исмаиловна. Э.Уметов атындагы педагогикалык  факультетинин 1-курсунун студенткасы.

2.“МИСС ЖАГУ Талант-2023”  Абдыкерим кызы Гулифа. Табигий-техникалык факультетинин 2-курсунун студенткасы.

3.“МИСС ЖАГУ Очерарование-2023” Таиржанова Альбина Таиржановна. Филология факультетинин 2-курсунун  студенткасы.

4.“Вице МИСС ЖАГУ-2023” Шакенова Арууке Таалайбековна. Медициналык колледжинин 1-курсунун студенткасы.

5.ГРАН ПРИ “МИСС ЖАГУ-2023” Абдраимова Аяна Кутпидиновна. Медицина факультетинин 2- курсунун студенткасы ээледи.

    Аталган иш –чарага демөөрчү болуп ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети баардык  катышуучуларга “Арсланбап Ата”  турбазасына 3 күндүк эс алуу үчүн Сертфикат ыйгарды. Комитеттин төрайымы Маткаримова Минавар Шарабидиновага уюштуруучулар жана катышуучулар, ата энелер ыраазычылык билдиришти.

 

 

 “ЖАМУ сулуусу-2023” конкурсуна  калыстар тобу чакырылып, өздөрүнүн калыс баасын беришти.

1. Шердаков Өмүрбек Канибекович. Шаарыбыздын жеке ишкери.

2.Усенова Кенжегуль Жуманазаровна Жогорку категориядагы каш чебери.

3.Мусабаева Айжан Кыдыковна шаарыбыздагы “Билимкана” мектебинин директору.

4.Бостонкулова Тамара Орозалиевна профессионал-сүротчү.

5.Турдукулов Шергазы Абаевич.ЖАМУнун бүтүрүүчусү, теле алып баруучу, Шоу- мен.

6.Калыстар тобунун төрагасы: “Маданий-эстетикалык” борбордун жетектөөчү адиси педагаог-хорограф Шаимкулов Ырысбай Абдуллаевич болду.

 Жеңүүчүгө өткөн жылы болуп өткөн “Вице МИСС ЖАГУ-2022”  конкурсунун жеңүүчүсү Филолгия  факультетинин 3 –курсунун студенткасы Мамытова Жылдыз Таажыны кийгизди.

  • ЖАМУНУН СУЛУУСУ - 2023
  • ЖАМУНУН СУЛУУСУ - 2023
  • ЖАМУНУН СУЛУУСУ - 2023
  • ЖАМУНУН СУЛУУСУ - 2023
  • ЖАМУНУН СУЛУУСУ - 2023