AVN

Экономика-юридикалык колледжинде Жалал-Абад ШИИБ кызматкерлери менен жолугушуу

Экономика-юридикалык колледжинде Жалал-Абад ШИИБ кызматкерлери менен жолугушуу
 Apr 11, 2023  231

Жалал-Абад ШИИБдин балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкери Кыдырова Самара Эркебаевна экономика-юридикалык колледжинин студенттери менен жолугушту.

Жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу, алардын жүрүм-туруму жана укук бузуулардын (талап тоноо, зордук зомбулук) алдын алууну максат кылган бул иш-чарага ЭЮКтун 1-курсунун студенттери, кураторлору жана окутуучулук курам катышты.

Иш-чараны ЭЮКтун директору э.и.д., профессор А.Б.Карбекова ачып, ал өз сөзүндө жалпы студенттерге кылмыштуулукка, зордук –зомбулукка чакырган жаман терс көрүнүштөрдөн узак болуу менен билим алууга өзгөчө көңүл бөлүү керек экендигине басым жасады.

Ал эми Жалал-Абад ШИИБдин балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкери С.Э. Кыдырова студенттердин патриоттук сезимин ойготкон эр жигиттин мыкты сапаттарын атоо менен, эр азамат балдардын күчүн Ата Мекенди коргоого жумшоо керек экендигин айтып өттү. Жер жердигине карап бөлүнүп, студенттердин телефон алып коюп, талап тоноо же топтошуп мушташуу менен эрдикти көрсөтүүнүн натыйжасына да токтолуп кетти. Мындан сырткары зордук-зомбулуктун түрлөрү, коомго жалпы эле адамзатка девиациянын тийгизген таасири жана анын  кесепеттери боюнча бир катар мисалдар менен түшүндүрүү иштерин жргүзүлдү.  Мындан келип чыгып, кандайдыр бир укук бузуулардан жабыр тарткан же күбөсү болгон учурда эмне кылуу керек? Кимге кайрылуу керек? Кантин кайрылуу керек? ж.б.у.с. суроолор боюнча кеңири маалымат берилди.

Жыйынтап айтканда студенттерге түшүндүрүү иштери жогорку деңгээлде видео роликтердин жардамы менен көрсөтүлүп, ишеним телефондору да берилди. Экономика-юридикалык колледжинде мындан кийин дагы мындай тарбиялык мааниси чоң иш-чаралар өткөрүлө бермекчи.

  • Экономика-юридикалык колледжинде Жалал-Абад ШИИБ кызматкерлери менен жолугушуу