Конфуций институтунун тил үйрөнүүчүлөрү 6-апрелде уюштурулган ЖАМУнун университеттик олимпиадасына кытай тили боюнча катышышты. Атайын даярдалган тесттик тапшырмаларды аткаруунун натыйжасында, студенттер төмөндөгүдөй орундарга ээ болушту.
Аталган студенттерге ЖАМУнун илим бөлүмү тарабынан Ардак грамоталар ыйгарылды жана кытай тили боюнча аймактык университеттер аралык XI олимпиадага катышууга жолдомо берилди.
Конфуций институтунун окутуучулары ар жыл сайын студенттерди атайын даярдыктар менен олимпиадага катыштырып келишет.
Эске салсак, 2022-жылда өткөрүлгөн аймактык университеттер аралык X олимпиадада кытай тилин үйрөнүп жаткан Эл аралык укук (кытай таануу) адистигинин студенттери 1-2-3-орунду ээлешип, ЖАМУга, Конфуций институтуна чоң сыймык алып келишкен.

ЛАК-1-20 тайпасынын студенти Бооронбаева Мээрим – 1-орун;
ЛДК-1-21 тайпасы, Шабидинова Айдай – 2-орун;
ЛАК-1-20 тайпасы, Батырбекова Мырзайым – 3-орун.