AVN







ПРАКТИКАНТТАРДЫ ЖЕРИНДЕ КӨЗӨМӨЛДӨӨ

ПРАКТИКАНТТАРДЫ ЖЕРИНДЕ КӨЗӨМӨЛДӨӨ
 Apr 10, 2023  212

Карьераны өнүктүрүү  жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмү тарабынан өндүрүштүк практикада жүргөн практиканттар жеринен текшерилди.

       Филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын ЛАк-1-20 тайпасынын студенттери Кызыл-Ай коомуна, “Каниет” Реабилитациялык борбору” коомдук фондуна,”Аннур Эдукарэ” билим берүү борборуна, ЖАМУнун Америка ордосуна, “Нур” котормо борборуна, СКС Жалал-Абад регионалдык айылдык консультативдик кызматына жөнөтүлгөн. Аталган адистиктин практиканттары Рахманалы кызы Айжибек, Талантбекова Гульмира “Каниет” Реабилитациялык борборунда практикаларын өтөп жатышат. Практиканттардын учурда жургүзүп жаткан иштери менен тааныштык. Бул борбордун  жетекчиси Аттокурова Гулмайрам практиканттарга жакындан жардам берип, англис-тилинде долбоор жазууну үйрөтүп жатканын маалымдады. Ошондой эле көзөмөлдөө  СКС Жалал-Абад регионалдык айылдык консультативдик кызматындагы практикантарда дагы жүргүзүлдү. Аталган мекеменин долбоор менеджери Аскат Токтосунов  чоң иш чараларга биздин практиканттар активдүү катышып жаткандыгын айтты. Практиканттар Мейлибаева Айданек менен Таалайбек кызы Нуриза чет өлкөдөн келген  немец, корея волонтерлоруна котормочу катарында жардам берип жатышканын долбоор менеджери кошумчалады.

        Жогорудагы маалыматты карьераны өнүктүрүү  жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн инспектору Ж.Н. Паязова билдирди.

  • ПРАКТИКАНТТАРДЫ ЖЕРИНДЕ КӨЗӨМӨЛДӨӨ
  • ПРАКТИКАНТТАРДЫ ЖЕРИНДЕ КӨЗӨМӨЛДӨӨ