Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин стартап-командасынын мүчөсү Кайнарбек кызы Кипариса өзүнүн “Жаштар арасында жаратман жана инновациялык мүмкүнчүлүктү ишке ашыруу” урааны астында тынымсыз аракеттенип, “БИБИДИ БОБИДИМ БУМ” өзгөчө аталыштагы жеке ишкердигин баштады. Тажибаева Динара Турабековнанын жетекчилиги менен Кипарисанын смола жана гипс затынан жасаган өзгөчө буюмдары негизинен колдо жасалып, күнүмдүк турмуш тиричикте кеңири колдонууга ыңгайлуу ошондой эле экологиялык жактан таза өндүрүлгөн продукция экендигин айтууга болот.
Кипарисанын алдына койгон максаттарынын бири келечекте өлкөбүздүн экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү, жаштар арасында жумушчу орундарды түзүү жана ишмердүүлүк чөйрөсүн кеңейтүү. Биздин милдет бизнес/стартап идеяны андан ары ийгиликтүү иштеп кетүүсү үчүн илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйбалык-конструктордук иштелмелерин жүргүзүүгө жана алардын натыйжаларын коммерциялаштыруу үчүн чет өлкөлүк жана ата мекендик компаниялардан, эл аралык уюмдардан ошондой эле фонддордон инвестицияларды тартууга көмөктөшүү – деп билдирди Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор) директору Б.Н.Алымкулов.