AVN







Н. АРСТАНБЕКОВА “КӨП ОКУЛГАН ОКУУ КИТЕП” КОНКУРСУНДА ЖЕҢҮҮЧҮ АТАЛДЫ

Н. АРСТАНБЕКОВА “КӨП ОКУЛГАН ОКУУ КИТЕП”  КОНКУРСУНДА  ЖЕҢҮҮЧҮ АТАЛДЫ
 Mar 29, 2018  888

ОшМУнун  Башкы корпусунда  27-мартта “Агартуу Академиясы” коомдук фонду жарыялаган “Көп окулган окуу китеби” республикалык конкурсунун жыйынтыгын чыгаруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты болуп өттү.

        Аталган конкурс 2017-жылдын апрель айында “Агартуу Академиясы” коомдук фонду демилгелеген “Ачык билим берүү ресурстарын түзүү” долбоору аркылуу Сорос Кыргызстан фонду каржылап кеңейтилген www.okuma.kg – электрондук китепканасы тарабынан жарыяланган.

       Сорос-Кыргызстан фонду тарабынан жарыяланган кыргыз тилиндеги окуу китептеринин республикалык «Көп окулган китеп»  конкурсунда   ЖАМУнун “Химия” кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Нуржан Арстанбекова  жеңүүчү деп табылып атайын диплом жана 150$ гонорарга сертификат тапшырылды.

 Ал эми бул сынакка республика боюнча 1000ден ашуун кыргыз тилиндеги окуу китептери катышып, алардын ичинен 25 окуу китеби жеңүүчү деп табылып атайын дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

  • Н. АРСТАНБЕКОВА “КӨП ОКУЛГАН ОКУУ КИТЕП”  КОНКУРСУНДА  ЖЕҢҮҮЧҮ АТАЛДЫ
  • Н. АРСТАНБЕКОВА “КӨП ОКУЛГАН ОКУУ КИТЕП”  КОНКУРСУНДА  ЖЕҢҮҮЧҮ АТАЛДЫ