“Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №15 протоколдук тапшырмасын жана КР ББИМдин №784/1 22.04.2022-ж. буйругун аткаруунун алкагында университеттин тармактарындагы иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы текшерилди.
Университеттин ректору тарабынан бекитилген графиктин негизинде 16-марттан 28-мартка чейин төмөнкү курамдагы комиссия иш алып барды: мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор А.Д.Доранова, мамлекеттик тил бөлүмүнүн жектектөөчү адиси К.Б.Калчекеев, кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти Г.К.Бакирова, гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын улуу окутуучусу Г.Ашимбаева, жалпы бөлүмдүн улуу инспектору К.Т.Тынымбекова жана мамлекеттик тил бөлүмүнүн адиси Куванычбек кызы А.
Факультеттердин, колледждердин, кафедралардын жана бөлүмдөрдүн жүргүзгөн иш пландар, жумушчу программалар, отчеттор, протоколдор билдирүүлөр ж.б. иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы текшерилди. Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасына туура келбеген иш кагаздары боюнча тиешелүү сунуштар берилди.