AVN







3D МОДЕЛДӨӨ ЖАНА РОБОТОТЕХНИКА

3D МОДЕЛДӨӨ ЖАНА РОБОТОТЕХНИКА
 Apr 10, 2023  389

  Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин БАС кафедрасында кафедранын башчысы доцент Ажыкулов Сапар Мажитовичтин уюштуруусу менен студенттер арасында  ЖАМУнун 100 жылдыгынын алкагында, илимий лабаротиянын иш планын негизинде уюштурулган “3D моделдөө жана робототехника” аталышында конкурс болуп өттү.

Коммисиянын курамына Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин деканы доцент Шамшиев Расул Кенешович, БАС кафедрасынын башчысы доцент Ажыкулов Сапарбек Мажитович, БАС кафедрасынын ага окутуучулары Шеркулов Рафаель Рашидович жана Батырова Ырыскан Мийзамовналар, окутуучу Коңурова Шарипалар киришти. Конкурс үч ай мурун жарыяланып, алгач группалык андан соң кафедралык деңгээлде уюштурулуп, жалпысынан 12  студент  өз колдору менен жасаган эмгектери менен катышышты. Жыйынтыгында эң мыкты катышуучу деп ИЭТ-1-20 тайпасынын студенти Усенов Бекназар 3D моделдөө дизайн эмгеги менен, I орунга ИЭТ-1-22 тайпасынын студенти Маткаримов Мыктыбек вибрациялуу жандуу рамка эмгеги менен, II орунга ИЭТ-1-21 тайпасынын студенти Максат кызы Рахат Вольтметр эмгеги менен, III орунга ИЭТ-1-22 тайпасынын студенти Арзибекова Асия оор жүк көтөрүүчү кран, жана ачылып жабылуучу көпүрө эмгектери менен ал эми  ИЭТ-1-20 тайпасынын студенти Кулматов Арзыбек 3D моделдөө эмгеги менен III орунга бааланышты. Жыйынтыгында  кафедра башчысы доцент Ажыкулов Сапарбек Мажитович тиешелүү дипломдорду жана стимул катары акчалай сыйлыктарды тапшырып, мындан ары жылына 2 ирээт мындай конкурс жарыяланарын, ар бир студент өзүнүн үстүнөн иштеши керектигин баса белгилеп,  ийгилик жаратууга мүмкүнчүлүк бар экендигин айтты. Студенттерди сабактан бош кезде компьютер класстарга, илимий лабараторияларга кирип тынбай изденүүгө чакырып сөзүн жыйынтыктады.

  • 3D МОДЕЛДӨӨ ЖАНА РОБОТОТЕХНИКА
  • 3D МОДЕЛДӨӨ ЖАНА РОБОТОТЕХНИКА
  • 3D МОДЕЛДӨӨ ЖАНА РОБОТОТЕХНИКА
  • 3D МОДЕЛДӨӨ ЖАНА РОБОТОТЕХНИКА
  • 3D МОДЕЛДӨӨ ЖАНА РОБОТОТЕХНИКА
  • 3D МОДЕЛДӨӨ ЖАНА РОБОТОТЕХНИКА
  • 3D МОДЕЛДӨӨ ЖАНА РОБОТОТЕХНИКА
  • 3D МОДЕЛДӨӨ ЖАНА РОБОТОТЕХНИКА