Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын Лак-1-20 тайпасынын окуу-котормо практикасы мезгилинде базада уюштурулган “Кесибим менин келечегим” аталышында семинар өткөрүлдү. Аталган семинарга карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Н.С. Жолдошалиева, карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн инспектору Ж.Н. Паязова, Америка ордосу ресурстук борборунун жетекчиси М.Мурзалиев жана маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы катышты. Семинар учурунда ЛАк-1-20 тайпасынын практиканттары А.Даниярова, Рахманалы к А., Г.Талантбекова котормочулук кесиптин кыйынчылыктары жана артыкчылыктары туурасында кыргыз, орус, англис тилдеринде докладдарды окуп, синхрондук жана оозеки котормонун кандай жагдайларда колдонулаарын жана ошондой эле котормочулук этикет жөнүндө кызыктуу маалыматтарды баса белгилешти. Андан ары маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын жамааты Заманбап эл аралык университеттин базасында түзүлгөн“Нур”котормо борборунда уюштурулган “Электрондук котормо тиркемелери менен иштөө” деген темадагы тегерек столго катышышты. ЛАк-1-20 тайпасынын студенттери А. Ираимбердиева, Т. Укуева, Н. Ниязова бүгүнкү күндө жаштар арасында колдонулуучу жаңы заманбап электрондук котормо сайттары жана тиркемелери туурасында маалыматтар менен бөлүштү.