AVN







ОЛИМПИАДА – 2023

ОЛИМПИАДА – 2023
 Apr 10, 2023  330

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын экономика  багытынын  бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит, финансы жана кредит профилдери боюнча студенттер арасында олимпиада болуп өттү. Олимпиаданын ачылышына факультеттин деканы э.и.д, профессор Аскарова Айнура Каныбековна, кафедра башчысы э.и.к., доцент Төлөнов Эмил Нажимидинович, предметтик жана предметтик эмес профессордук-окутуучулар  курамы катышышты.

Олимпиаданын жобосуна ылайык, 2-курстун студенттери кесиптик эмес предметтер боюнча 1-3-курстун студенттери кесиптик предметтер боюнча олимпиадалык тапшырмаларды аткарышты. Олимпиада факультетте өткөрүлүп, жалпы 25 студент катышып, алардын 14 тү  жеңишке жетишкен. Жеңүүчүлөргө Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун университеттик деңгээлде өтүүчү олимпиадага жолдомолор берилди.

  • ОЛИМПИАДА – 2023
  • ОЛИМПИАДА – 2023
  • ОЛИМПИАДА – 2023
  • ОЛИМПИАДА – 2023
  • ОЛИМПИАДА – 2023
  • ОЛИМПИАДА – 2023
  • ОЛИМПИАДА – 2023
  • ОЛИМПИАДА – 2023