AVN







“ШАЙЫР МАТЕМАТИКТЕР” АТАЛЫШЫНДАГЫ ШАЙЫР ТАПКЫЧТАР КЛУБУ

“ШАЙЫР МАТЕМАТИКТЕР” АТАЛЫШЫНДАГЫ ШАЙЫР ТАПКЫЧТАР КЛУБУ
 Apr 10, 2023  357

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин түптөлгөнүнүн 100 жылдыгына карата 100 иш-чара жана ф.-м.и.д., профессор Алыбаев Курманбек Сармановичтин 70 жылдыгына карата жогорку математика жана математиканы окутуунун технологиялары кафедрасы 2022-2023-окуу жылынын 13-мартынан 18-мартына чейинки «Математикалык жумалык» деп жарыяланган жумалыктын бешинчи күнү, тагыраак айтканда 17.03.2023 “Шайыр математиктер” ШТК (шайыр тапкычтар клубу) кафедранын ага окутуучусу С.Т.Шарапов жана  окутуучу М.Бекназарова тарабынан уюштурулуп, тиешелүү түрдө алар куратор болгон ФМББ(М)-1-21 тайпасынын студенттеринин “Легенда” командасы  жана ФМББ-1-22 тайпаларынын студенттеринин “Феникс” командасынын ортосунда конкурс болуп өттү. 

Бул иш-чаранын пландалышынын, өткөрүлүшүнүн негизги максаты болуп, студенттердин чыгармачыл, инсандык, интеллектуалдык деңгээлин байкоо, ынтымакка, достукка чакыруу, кесипке багыттоо эсептелди.

ШТКнын жүрүшүндө студенттер математикалык фигуралардан ар түрдүү саркеч кийимдерди даярдашып, өз чеберчиликтерин көрсөтүштү; таш доору менен болочок доордо математиканын мүмкүнчүлүктөрүн ар бир команда импровизациялашты; логикалык суроолорго жооп берүүдө тапкычтыгын, шамдагайлыктарын көрсөтүштү.

Калыстар тобу дайындалды, алар иш-чаранын критерийлерине ылайык иш алып баруу менен баалашып, натыйжада эки тайпанын студенттеринен түзүлгөн командалар: “Легенда” жана “Феникс” бирдей упайларга ээ болушуп, жыйынтыгында ынтымак жеңди.  

Жыйынтыгында, калыстар тобунун төрагасы: факультеттин деканы, филос.и.к.,  доц. Шамшиев Расул Кеңешович, мүчөлөрү: кафедра башчысы, п.и.к., доц. Ураимхалилова Аширхон, кафедранын улук окутуучусу, ЖАМУнун кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Маткаримова Минавар Шарабидиновналар иш-чаранын жыйынтыгын чыгарышып, жеңүүчүлөргө грамоталарды тапшыруу менен, жумалыктын жүрүшундө пландалган ар бир иш-чарага активдүү катышышкан студенттерге жана тайпаларга грамоталарды тапшырышты. Студенттердин дарегине каалоолор айтылып, алар мындан ары да окууда, спортто, маданий иш-чараларда көптөгөн ийгиликтерди жаратууга чакырылышты.

  • “ШАЙЫР МАТЕМАТИКТЕР” АТАЛЫШЫНДАГЫ ШАЙЫР ТАПКЫЧТАР КЛУБУ
  • “ШАЙЫР МАТЕМАТИКТЕР” АТАЛЫШЫНДАГЫ ШАЙЫР ТАПКЫЧТАР КЛУБУ
  • “ШАЙЫР МАТЕМАТИКТЕР” АТАЛЫШЫНДАГЫ ШАЙЫР ТАПКЫЧТАР КЛУБУ